(Мугалимдер.kg): Жөнөкөй мектепти кыргыз тилдүү гимназияга айланткан директор Чынара Бакашова (сүрөт)

(Мугалимдер.kg): Жөнөкөй мектепти кыргыз тилдүү гимназияга айланткан директор Чынара Бакашова (сүрөт)

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда агартуучулуктун түйшүктүү жумушун аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз — 33 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келе жаткан Чынара Бакашова. Ал жөнөкөй мектепти гимназияга айлантты.

«Мен 1968-жылы 1-августта Ыссык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Булуӊ айылында төрөлгөм. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факултетинен билим алып чыккам. Окуу жайды бүткөндөн кийин Бишкектеги №68 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштедим. 2000-2003-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучу, 2003-2011-жылдары Кант шаарындагы К.Рыскулова атындагы орто мектепте окуу бөлүм башчысы, 2011-2014-жылдары кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп, 2014-жылдан баштап аталган мектепке директор болуп иштеп келе жатам.

Талыкпай эмгектенүү менен бир топ сыйлыктарга татыдым. Алсак, жергиликтүү бийлик органдарынан ардак баракчалары, Билим берүү министрлигинин ардак баракчасы, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси, Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы, төш белгиси, Аялдар конгрессинин төш белгиси жана быйылкы жылдын жыйынтыгы менен «Мыкты жетекчи» болдум», - деди ал.

Чынара эже жөнөкөй мектепке директор болуп келип, аны кыргыз тилдүү гимназияга айлантты. «Биздин мектеп 2015-жылы гимназия статусун алды. Ага аябай аракет кылып чуркадык. Гимназия статусу коомчулуктун көз карашын жакшы жакка өзгөрттү десем болот. Учурда гимназияда 24 ийрим өз ишин алып барат. Кыргыз, орус тилдеринен башка англис, немец, түрк тилдери окутулат. Ар бир предметтен мугалим жетиштүү. Жалпы 65 мугалимибиз талыкпай эмгектенүүдө. Айтмакчы, Кант шаары боюнча бул жалгыз кыргыз мектеп-гимназиясы болуп саналат», - деп айтып берди ал өзү жетектеген мектептин ишмердүүлүгү тууралуу.

Ардактуу мугалим үй-бүлөлүү, жолдошу милициянын полковниги. «1 кыз, 3 уул жана 1 неберем бар. Жолдошум Афтандил Кадыркулов — милициянын полковниги, Апрель элдик революциясынын баатыры. Учурда ИИМ академиясында бөлүм башчы болуп иштейт», - дейт Чынара Бакашова үй-бүлөсү жөнүндө.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up