Ат-Башыдагы Ч.Асеков мектебинин окуучу кыздары райондук мелдеште 2-орунду алышты (сүрөт)

Ат-Башыдагы Ч.Асеков мектебинин окуучу кыздары райондук мелдеште 2-орунду алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башыда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата райондогу мектептердин кыздары арасында мелдеш болуп өттү. Ага 8 команда катышып, өз ара күч сынашты.

Оюндун жүрүшүндө Ч.Асеков атындагы орто мектебинин окуучулары мыкты даярдыкта экенин көрсөтүштү. Алар өз тайпасында ойногон командаларды артка калтырып, финалдык оюнга жолдомо алышты.

Ал эми финалдык беттешүүдө алар А.Чортеков атындагы мектебинин командасы менен 1-2-орун үчүн таймашты. Оюн 3 партияга чейин созулуп, таймаш кызуу талаш-тартыштар менен өттү. Эки команда тең жакшы даярдыктарын көрсөтүшүтү. Эки партия тең чыгуу менен аяктап, үчүнчү партияда А.Чортеков мектебинин окуучулары жеңишти.

Ошентип, Ч.Асеков мектебинин командасы 2-орунга ээ болуп, 2-даражадагы диплом менен сыйланды. Ал эми Кубанычбек кызы Балкыял «Мыкты оюнчу» деп табылып, громата менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up