Нарын шаарындагы Э.Ибраев мектебинин директору болуп Аида Керимбаева дайындалды (сүрөт)

Нарын шаарындагы Э.Ибраев мектебинин директору болуп Аида Керимбаева дайындалды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинин директорлугуна Керимбаева Аида Абитовна дайындалды. Бул тууралуу аталган мектептин администрациясынан билдиришти.

А.Керимбаева 1971-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебин аяктагандан кийин, Нарын педагогикалык окуу жайынан мугалимдик кесипке ээ болгон. Эмгек жолун В.П.Чкалов мектебинде мугалим болуу менен баштаган. Нарын мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон. Нарын району жана Нарын шаарынын мектептеринде мугалим болуп иштеген.

Буга чейин Нарын шаарындагы №9 А.Садыков атындагы орто мектебинде директор болуп иштеп келген. Бул жылдары мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодого бир катар уюштуруучулук иштерди жүргүзгөн.

Аида Керимбаева үй-бүлөлүү, 3 кыздын мээримдүү энеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up