Ат-Башыда окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча билим сынашты (сүрөт)

Ат-Башыда окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча билим сынашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүндө залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата окуучулар арасында 4 багыт боюнча сынак өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата айыл өкмөт тарабынан мектеп окуучулары арасында сынак жарыяланган. Сынак Ч.Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган макет жасоо, ыр чыгаруу, дилбаян жазуу, кино тартуу боюнча 4 багытта өттү. 12-декабрь күнү сынактын жыйынтыгы чыгарылып, айыл өкмөттөр тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Жыйынтыгында ыр чыгаруу боюнча Айдай Ильяз кызы, тасма тартуу боюнча 10-класстар тарткан «Акбаранын көз жашы» тасмасы, дилбаян жазуу боюнча Нуркыз Жолдошбек кызы, макет жасоо боюнча 7-класстын окуучулары 1-орунду камсыз кылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up