Илимдер академиясында белгилүү окумуштуу Абдылда Каниметовду эскеришти

Илимдер академиясында белгилүү окумуштуу Абдылда Каниметовду эскеришти

Билим АКИpress - Бүгүн, 20-декабрда УИАда «Абдылда Каниметов: коомдук-саясий жана илимий ишмер катары» аталышындагы белгилүү окумуштуу А.Каниметовдун 90 жылдыгына арналган тегерек стол өттү.

Иш-чарада А.Каниметовду эскерүү менен бирге окумуштуунун билим берүү тармагын өнүктүрүүдөгү ишмердүүлүгү, илимий иштерди уюштурууда жана Кыргызстандын тарых илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу баяндамалар окулду.

«А.Каниметов илим жана билим коомчулугунда чебер устат катары эсте калары талашсыз. Окумуштуу мамлекетибиздин билим берүү тармагына зор салымын кошуп, чоң ийгиликтерге жеткен жана билимдин өнүгүүсүндө татыктуу орунду ээлейт», - деген оюн билдирди УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, корреспондент-мүчө Абылабек Асанканов.

Кереге-кеңешке окумуштуулар, илимий кызматкерлер, коомдук ишмерлер жана аспиранттар катышты. Иш-чара УИАнын Тарых жана маданий мурас институту, «Мурас» кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө фонду тарабынан уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up