Кеминде «Милициянын жаш достору» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Кеминде «Милициянын жаш достору» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районунда «Милициянын жаш достору» отряддарынын кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынактын максаты — «Милициянын жаш достору» отряддарынын ишмердүүлүгүн активдештирүү, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын-алуу, укуктук тарбия берүүнү өнүктүрүү, чынчылдыкка, акыйкаттыкка, өзүнө жана айланадагыларга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тарбиялоо. Ошондой эле «Милициянын жаш достору» отряддарынын ишмердүүлүгү болуп укуктук билимдүүлүгүн арттыруу, окуу жайда тартипти сактоо, жашы жетпегендер менен иштөө инспекциясында каттоодо турган жаш өспүрүмдөргө жардам берүү, мектепке себепсиз келбеген балдар менен иш жүргүзүү.

Иш-чарага Кемин районунун ар кайсы аймактарында жайгашкан 4 «Милициянын жаш достору» отряддары катышты. Жыйынтыгында Ж.Садыков атындагы №1 Кемин орто мектеби 1-орунду, «Шабдан Ата» орто мектеби 2-орунду жана А.Бакаев атындагы «Ильич» орто мектеби 3-орунду алышты.

Мындай иш-чара район боюнча жыл сайын өткөрүлүп, облустук деңгээлге чейин чыгат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up