Ак-Талаанын Жерге-Тал айылындагы мектепке М.Ашырбеков директор болду (сүрөт)

Ак-Талаанын Жерге-Тал айылындагы мектепке М.Ашырбеков директор болду (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин директорлугуна Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча спорттун чебери Мелисбек Ашырбеков дайындалды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Ашырбеков Мелисбек Мукашович 1982-жылы 13-сентябрда Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Билими: 1989-1999-жылдары Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектебинде окуган. 1999-2004-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, 2005-2006-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасында, 2010-2012-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спортакадемиясында билим алган.

Эмгек жолу: 2004-2005-жылдары Бишкек гимназиялык интернатында кыргыз тили жана адабияты мугалими, 2006-2010-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде дене тарбия мугалими, 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Башкаруу академиясында аскерге чейинки даярдоо мугалими,
2010-2018-жылдары Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштеген.

2018-жылдын 1-октябрынан 1-декабрга чейин Жерге-Тал айылындагы И.Молдобаев атындагы орто мектебинде директордун орун басары болуп келген. Ал эми 2018-жылдын 1-декабрынан тартып аталган мектепке директор болуп дайындалды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up