Мугалимдер.kg: К.Дунганова Москва районундагы өзү жетектеген мектептин жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу айтып берди

Мугалимдер.kg: К.Дунганова Москва районундагы өзү жетектеген мектептин жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу айтып берди

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда агартуучулуктун түйшүктүү жумушун аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Чүй облусунун Москва районундагы Ш.Баялиев атындагы орто мектебинин директору, КР Билим берүүсүнүн отличниги Күлшакан Дунганова. Ал Аймактарды өнүктүрүү жылында билим-тарбия берүүдөгү жетишкендиктер жөнүндө ой бөлүшүп, ийгиликтери жаатында кеп козгойт.

«Элеттик мектеп – элдин билим куту, тарбиялоонун таянычы»
Аймактарды өнүктүрүүдө, инфратүзүмүн жакшыртууда элеттик мектептердин ролу өзгөчө. Билим уясы окуу-тарбиялоо процессин жүргүзүүчү мекеме гана болбостон, коомдук иш-чараларды өткөрүүчү маданий борбор да болуп саналат. Анда ата-эне, мектеп жана коомчулуктун карым-катнашынын, педагогикалык кызматташтыгынын жандуу образы түзүлөт. Мындай ой президенттин «2018 – Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндөгү» жарлыгында «Региондогу жаңылануулар элдин бакубат жашоого, анын ичинде сапаттуу билим алууга, тарбияга, чыгармачылыкка, искусствого жана спортко болгон муктаждыгын эске алышы керек» делип тастыкталат. Багытталган милдеттерди аркалап, жыл соңунда айылдагы агартуу жумуштарынын арымдуу кадамдарын тактагандардын бири – Чүй облусунун Москва районундагы Ш.Баялиев атындагы орто мектеби.

Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, билим сапатын көтөрүүгө, мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга бөтөнчө басым жасалат. Окутуунун жаңы технологияларын, инновациялык ыкмаларын, предметтик стандарттарын окуу-тарбиялоо процессине киргизүүдө билим берүүнүн техникалык каражаттарын колдонушат. Тактап айтканда, компьютердик класста окуучулардын ык-машыгуулары калыптанат. Проекторлор менен сабак өтүү, тарбиялык жумуштарды жүргүзүү ар бир мугалимдин педагогикалык ишмердүүлүгүнө айланган. Мектеп маалымат мейкиндигин түзгөн интернет менен туташтылырылган соң, дүйнө таануу айдыңына жол ачылып, иш кагаздарын жүгүртүүдө
натыйжалуу механизмдер түзүлгөн.

Аймактарды өнүктүрүү жылында алгылыктуу аракеттерибиз жүзөгө ашырылды. Жаз алды менен айлана чөйрөбүздү көрктөндүрүү, жашылдандырууга көңүл бурдук. Түрдүү бак-дарак көчөттөрүн отургузуп, корообузду гүлзарга айланттык. Мектеп наамын алган Шаршенкул Баялиевдин уул-кыздарынын, жергиликтүү тургундардын жана Предтеченко айыл өкмөтүнүн демөөрчүлүгү, көмөктөшүүсү менен согуштун ардагерлерине арналган эскерүү эстелигинин жана мектептин алды асфальтталып, айрым жерлерине брусчаткалар төшөлдү. Ошондой эле эс алуу жайларына, отургучтар коюлду. Мындай жагдайлар кандайдыр бир деңгээлде окуу-тарбиялоо процессине оң таасирин тийгизерине шек жок. Ал эми мугалимерибиз жаңыланууга, окутуунун алдыңкы инновациялык ыкмаларын колдонууга багыт алган. Башкысы – руханий баалуулуктарды жаратуу, этнопедагогикалык, этномаданий түптүү түшүнүктөрдү жандандыруу жекеден жалпылык мүнөзгө айланды. Кыскасы, «элеттик мектеп – элдин билим куту, тарбиялоонун таянычы» дешкен педагогикалык жамааттын ойлору да омоктуу.

«Тарбиялык иштердин таасирдүү багыттары»
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн элеттик мектеп байма-бай өткөрүлгөн мектептен жана класстан тышкаркы иштери менен коомчулуктун колдоосуна татып келет. Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун жандандырууда мектеп парламентинин ишин демократиялуу мүнөздө чагылдырууга басым жасалат. Тартип, тазалык, коопсуздук, билим сапаты ж.б. парламентте талкууланып, тийиштүү иш-чаралар, мерчемдер кабыл алынат. Натыйжада, билим уясынын «Көрөгөч» дубал гезитине жыйынтыктар көрсөтүлөт. Анда окуучулардын ой-пикирлери, сунуштары да ачыкталат. Бул жагдай мугалим менен окуучулардын биримдигин, кызматташуусун бекемдейт.

Мындан сырткары, даталуу күндөргө карата уюштурулган иш-чаралар чыгармачылык өнөрлөр менен коштолгон. Тактап айтканда, «Тил – улуттук руханий байлык», «Күзгү бал», «Спид – коркунучтуу дарт», «Жолдо жүрсөң абайла», «Жаш талант», «Сары-Өзөн чолпондору», «Жаратылыш – жан досум», «Тоолорубуз менен сыймыктанабыз», «Балалыгым – өмүр башаты», «Айылым көркөм өнөрдө», «Жаштык дискотекасы» ж.б. Алар түрдүү формада көп багыттуу болгону менен өз ара тутумдашып, тарбиялоонун бир бүтүндүгүн, максаттуулугун камсыздайт. Мындай түшүнүктү залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата жогорку чеберчиликте өткөрүшкөн «Театр-форум» адабий-музыкалык кечелерден, каармандардын образын кыл калемде, кол өнөрчүлүктө, искусство дүйнөсүндө, эссе-баяндамаларда, поэзия саптарында чагылдырылышынан аңдоого болот.

Жагымдуу жагдай иретинде мектеп директорунун демилгеси менен социалдык жактан муктаж окуучуларга «Кызыл ай» коому тарабынан
материалдык жардам көрсөтүлүп келе жатканын белгилөө абзел. Аймактарды өнүктүрүү жылынын жыйынтыктоочу иш-чарасында кыргыз бийин бийлеген 12 окуучу Ардак грамотага татыган.

«Бала бакча – балалыктын өлкөсү»
Идеалдуу мугалимдин жандуу образын жаратууда ага коюлган изилдөөчүлүк, (илим, билим булагынан идея жаратуу) коммуникативдик, уюштуруучулук, конструкциялоо, долборлоо талаптардын функциялары окуу-тарбиялоо процессинин өзөгүн түзөт. Ушул багыттарда иш мерчемдерин белгилешкен педжамаат окуучулардын өз алдынчалуулугуна, демилгелүүлүгүнө, өзүн-өзү таануу, тагыраагы, компетенттүүлүгүнө басым жасалат. Ага жетүүдө ырааттуулук, системалуулук жана жагымдуу ыңгайлуу шарттар такай көзөмөлгө алынат. Ал шарттардын башатында «Наристе» кыска мөөнөттүү балдар бакчасын атоого болот. Анда толук шарттар түзүлүп, ата-эне менен мектептин байланышы чыңдалган.

Ал эми ден соолукту чыңдоодо, спортко болгон кызыгууда айылда жаш муундардын агымы басымдуу экендиги байкалат. Ошондон улам, мектептин спорт аянтчасына кайрымдуулук булактарынан демөөрчүлөр таза суу да чыгарып беришкен.

Жалпылап айтканда, чакан мектептеги тыкан иштердин ар бир багыты билим сапатын көтөрүүгө, татыктуу тарбиялоого, аймакты өнүктүрүүгө жумшалууда», - деп айтып берди Күлшакан Дунганова.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up