Кант шаарынын жаштары кайрымдуулук акциясын уюштурушту

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «iNext» жаштар коомдук кыймылы Кант шаарынын КВН оюнчулары менен бирдикте «Боорукер Жаӊы жыл» кайрымдуулук акциясын уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулардын бири Эдил Маратов билдирди.

«Биздин КВНдин балдары күйөрмандарына бир гана күлдүрүүнү билбей, ар кандай социалдык иш-чараларга да кол сунарын көрсөтө алышты. Жакшы ишти жасоо оӊой, болгону көӊүл керек. Биз аз камсыз болгон 2 үй-бүлөгө азык-түлүк, жаш балдардын жылуу кийимдерин, оюнчуктар менен китептерди алып барып, белек кылдык», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up