Ат-Башынын Кара-Суу айылындагы мектепте «Мыкты жигит - 2018» сынагы өттү (сүрөт)

Ат-Башынын Кара-Суу айылындагы мектепте «Мыкты жигит - 2018» сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын К.Карпеков атындагы орто мектебинде 8-11-класстардын окуучулары арасында «Мыкты жигит - 2018» аттуу кароо-сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын айтымында, сынакка аталган мектептин 8-11-класстарынын арасынан 8 окуучу катышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар саламдашуу, обондуу ыр, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, макет жасоо (балдардын келечекте өлкөгө кошкон салымы чагылдырылды), бий, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сценка, көркөм окуу жана улуттук оюндар боюнча жарышып, суроо-жооптор да орун алды.

Мелдештин жыйынтыгы менен 10-класстын окуучусу Канат Сыдыков жеңүүчү деп табылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up