Жумгалда окуучулар «Акыл ордо» таймашында билим сынашты (сүрөт)

Жумгалда окуучулар «Акыл ордо» таймашында билим сынашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын обласунун Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык айылындагы Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Акыл ордо» сынагы болуп өттү.

Сынакка Айып Идинов жана Касымбек уулу Мамбеталы атындагы мектептерден жалпы 6 окуучу катышып, күч сынашты. Жыйынтыгында 1-2-орундарды Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебинин окуучулары жеңип, кубок утушту, ал эми Айып Идинов мектебинин окуучулары 3-орунду камсыз кылышты. Катышуучуларга Ч.Айтматовдун китептери ыйгарылды.

«Бардык катышкан окуучулар активдүү болушту. «Акыл ордо» сынагы эң мыкты деңгээлде жыйынтыкталды. Сынакка демөөрчү болгон Насип Төлөбай уулуна терең ыраазычылык», - дешет мектеп жамааты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up