Васильевкадагы мектептердин жылытуу системалары жаӊыртылды

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айыл аймагындагы мектептердин жылытуу системалары жаӊыртылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл аймактын башчысы Аида Казбекова билдирди.

«Биздин Васильевка №2 мектебинде жылытуу системасы жаӊыртылды. Буга жергиликтүү бюджеттен 390 миӊ сом каралган. Ал эми №1 Васильевка орто мектебине 370 миӊ сомго жаӊы электрокотел орнотулду. Ошондой эле мектепке 120 миӊ сомго электр меши алынып келинди», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up