Кош-Дөбөдөгү мектепте жана бала бакчада Жаңы жылдык балаты майрамы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектебинде окуучуларга арналган Жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Анда окуучулар өздөрүнүн таланттарын агай-эжелерине жана ата-энелерине тартуулашты. Аяз ата менен Аяз кыз да аруу тилектерин айтышып, каалоо-тилектерин арнашты.

Ошондой эле «Калыйкан апа» балдар бакчасында да Жаңы жылдык балаты майрамы өтүп, анда кичинекей бөбөктөр жаттаган ырларын айтып, бийлеп, ырдап, ата-энелеринин көңүлүн көтөрүштү.

Аталган бала бакчадагы кичи тайпада 28 бала сентябрь тарбияланууда, ал эми жогорку тайпада 30 бөбөк тарбияланып жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up