Оштогу мектепте «Инстаграм периси жана мырзасы» аныкталды

Оштогу мектепте «Инстаграм периси жана мырзасы» аныкталды

Билим АКИpress - Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы мектеп-лицейинин жогорку класстарынын окуучулары арасында «Инстаграм периси - 2019» жана «Инстаграм мырзасы - 2019» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Илгиз Шамырзаев маалымдады.

Сынактын жүрүшү 4 күнгө созулуп, Инстаграм колдонуучулары «лайк» белгисин басуу менен добуш беришти. Жыйынтыгында жасалма упайлар (накрутка) жана мөөнөтүнөн кийин берилген добуштар четке кагылып, таза жана так эсеп менен жыйынтык чыгарылды. Сынакка жалпысынан 23 окуучу катышты.

Сынактын жеңүүчүлөрү деп 11-«А» классынын окуучулары Айзада Батырбекова менен Канатбек уулу Денис табылышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up