Мугалимдер.kg: Окуучуларын Германияга жиберүүнү максат кылып окуткан немец тилчи Үмүт Сыдыкова

Мугалимдер.kg: Окуучуларын Германияга жиберүүнү максат кылып окуткан немец тилчи Үмүт Сыдыкова

Билим АКИpress - Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда агартуучулуктун түйшүктүү жумушун аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Талас шаарынын 54 жаштагы тургуну Үмүт Сыдыкова. Ал 32 жылдык өмүрүн балдарга немец тилин үйрөттүүгө жумшады. Аймактык кабарчы мугалим эже менен таанышты.

Үмүт Сыдыкова 1964- жылы Кара-Буура районунун Бакыян айылында төрөлгөн. «Мен өзүбүздүн айылдагы Бакыян орто мектебинде билим алдым. Ал учурда биз мектептерде немец тилин окучубуз. Бизге немец тилинен сабак берген эжекебиз өзү Германияга барып келген деле эмес, бирок аны сүрөттөп айтып бергенде класста олтурган окуучулардын баары Германияга барып келүүнү самап калчубуз. Мен дагы ошол бала кездеги кыялдардын артында мектепти аяктап, чет тилдер факультетинин немец тили бөлүмүнө тапшырдым. Бул жаатта атам да мага «буйруса, менин кызым чет тилдерин үйрөнүп, элчи болот» деп, мактаныч менен айтып калчу. Андай мактоо сөздөр мага дем берип, мен окуу жайды ийгиликтүү аяктадым.

Алгачкы эмгек жолумду Ош шаарынан баштап, кийин Талас шаарындагы №3 мектеп-гимназияда немец тилинен сабак берип калдым. Бул жерде мага балдардын билимге болгон талабынын күчтүүлүгү жакты. Балдар билим сурап жатса, аларга бүт жан дүйнө менен берилип сабак өтөсүң да. Бизде немец тилинен сынакты Германиядан, Бишкектен келип алышат. Бул сынактан өткөн окуучуга Германияга барып, акысыз билим алуу мүнкүнчүлүгү берилген. Биздин мектептен ал жакка барып, билим алган окуучуларыбыз абдан көп, айрымдары өз кызмат ордун таап, иштеп жатышат. Ошол жакта турмуш куруп, жашап жаткандары да бар. Мен ар жыл сайын Германияга барып турам. Ал жактагы окуучуларым тосуп алышып, ыраазычылыктарын айтып жатышса, ушундай ардактуу кесиптин ээси экениме сыймыктанам.

Мен алгач 1997-жылы бир иш-чаранын негизинде Германияга бардым. Окуу жайларды кыдырып жүрсөк, өзүм окуткан балага жолугуп калдым. Экөөбүз сүйлөшүп, ал окуучум мага: «Эже сизге рахмат, сиздин өткөн сабактарыңыздын натыйжасында мен бул жактан окуу мүнкүнчүлүгүн алдым», - деп айтып, мени кубантты. Ошондон тарта «менин окуучуларым жакшы жерден билим алыш керек» деп, болгон күч-аракетимди аларга жумшап келем.

Өзүмдүн балдарым да Германиядан билим алышты. 1 уул, 1 кызым бар. 7 небереге чоң апа, тай энемин. Неберелерим мени чоң апа дебей, ома (чоң апа) деп айтып, көнүп калышкан», - дейт Үмүт эже.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up