Ысык-Атада КВН лигасынын финалдык оюну өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Ысык-Атада КВН лигасынын финалдык оюну өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Билим АКИpress - Ысык-Ата районундагы «iNext» жаштар коомдук кыймылы тарабынан уюштурулган «ЖашTime» КВН лигасынын финалдык оюну болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучуларынын бири Эдил Маратов билдирди.

«Оюнга жалпы 5 тайпа катышты. Алар: Кант шаарынын мектептеринен куралган «Хендс-Ап» курама командасы, Ново-Пакровка айылынан келген «Kg Baldar» командасы, Туз айылынан «Келечек» командасы, Токмок шаарынан келген «Team BS» (бул команда Ысык-Атада өткөн оюнга биринчи жолу катышып жатат), Кант шаардык №4 мектеп-гимназиясынан келген «Соединенные штаты Кингсмен» командасы.

Жыйынтыгында эң жаш оюнчулардан түзүлгөн (6-7-класстын окуучулары) Кант шаардык №4 мектеп-гимназиясынан келген «Соединенные штаты Кингсмен» командасы 1-орунду камсыздады, 2-орунду «Kg Baldar» командасы жана 3-орунду «Team BS» командасы алышты», - деди ал.

Эӊ мыкты оюнчу деп Азизов Дильмар табылды. Ал Кант шаардык №4 мектеп-гимназиясынан келген «Соединенные штаты Кингсмен» командасынын капитаны болот.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up