Түркиядан билимин жогорулатып жаткан Тойчубек: Бул жактагы элдин саясий сабаттуулугу бизге караганда бир кыйла жогору (сүрөт)

Түркиядан билимин жогорулатып жаткан Тойчубек: Бул жактагы элдин саясий сабаттуулугу бизге караганда бир кыйла жогору (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Тойчубек Акматали уулу. Ал учурда Түркияда магистратураны окуп жатат. Студент Түркиядагы маданий, табигый айырмачылыктар, саясий сабаттуулук боюнча айтып берди.

«Мен 1994-жылы 4-декабрда Ош облусунун, өзү кичинекей, бирок Орто Азиянын эски, эң чоң базарларынын бири жайгашкан шаар катары таанымал Улуу Жибек Жолунун боюнда орун алган Кара-Суу шаарында төрөлгөм. Орто билимди Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл аймагындагы №10 мектептен алдым. 2012-жылы мектепти аяктап, жогорку билим алуу үчүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына тапшырып, кабыл алындым. Мектепте окуп жүргөндө тарых, география сабактарын сүйүп окуп, олимпиадаларга катышып жүрчүмүн, ошондуктан тарых бөлүмүн окуйм, тарыхчы болом дечүмүн. Саясатка да кызыгып, коомдо болуп жаткан окуяларга байкоо салып, өзүмчө талдап жүрөр элем.

Тай энем экөөбүз коомдогу оош-кыйыштарды, саясатта болуп жаткан көрүнүштөрдү, окуяларды өзүбүзчө талкуулайт элек. Мектептеги убагымдын акыркы жылдарында өлкөбүздө болуп өткөн орчундуу коомдук-саясий окуялар бул тарапка болгон кызыгуумду дагы да арттырган окшойт, мектепти бүтүргөндөн кийин дароо эле мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытын тандап, ошол багытта окуп кеттим. КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы бул багыттагы кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын түзүлгөн Кыргызстандагы жалгыз жогорку окуу жайы болуп эсептелет. Бул окуу жайын 2016-жылы бүтүрүп, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча бакалавр даражасына ээ болдум.

Учурда Түркиянын Самсун шаарындагы 19-Май университетинде (Ondokuz Mayıs Üniversitesi) магистратурада ошол эле багыт боюнча окуумду улантып жатам. Бул жакка Түркия өкмөтүнүн «Түркия стипендиялары» аттуу программасы аркылуу келип, билим алуудамын. Бул программа аркылуу келген студенттердин окуу акысы, жатаканасы, тамак-ашынын жарымы, медициналык жактан камсыздандырылуусу Түркия өкмөтү тарабынан каржыланат, кошумча ай сайын стипендия төлөнүп берилет. Университетте окуу үчүн баардык шарттар түзүлгөн, изилдөө борборлору, китепканалар заманбап технологиялар менен жабдылган. Отуруп алып окуш гана керек, окууга жетише албоого шылтоо табуу кыйын.

Түркиядагы шаарлар жергиликтүү маданий, табигый өзгөчөлүктөрүн, өзүнө гана тиешелүү болгон жергиликтүү продукциясын же башка нерсесин шаарынын брендине айландырып, аны жарнамалап таанытып, кичинекей эле бир нерсесин көкөлөтүп даңазалап, анысын андан ары өнүктүрүп, өздөрүнө көңүл бурдуруп, туристтерди тарткысы келгендей, инвестициялардын агымы үчүн бири-бири менен катуу жарышка түшүп атаандашып жаткандай, ал аракеттери да ишке ашып, ошондон улам шаарлары дүркүрөп өсүп-өнүгүп келе жткандай туюлат мага.

Бул жактын элинин саясий сабаттуулугу да бизге караганда бир кыйла жогору экенин байкоого болот, тургундардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу активдүү. Кандайдыр бир орток маселелер чыкканда дароо чогула калышып, аны түздөн-түз же өздөрү шайлаган өкүл аркылуу шаардык кеңешке салып, көйгөйлөрүн чечип алышат. Шаардын бир жеринде кандайдыр бир маселе чыктыбы, тургундар аны дароо мэрияга билдиришип, тез арада чечилүүсүн талап кылышат. Мэрия да өз кезегинде буга ыкчам жооп берип, өз ыйгарым укуктарынын чегинде милдеттерин аткарышат, жоопкерчилик күчтүү. Шаар таптаза, инфраструктура өнүккөн, коомдун баардык катмарлары үчүн ыңгайлуу шарттар каралып, эс алуу, спорт менен алектенүү, кошумча билим алуу, өнөр үйрөнүү үчүн дээрлик баардык шарттар түзүлгөн. Мэрияга караштуу акысыз билим берүү борборлору, курстар ишмердик жүргүзөт. Кесибиме түздөн-түз тиешелүү болгондуктан, ушул нерселердин баарын көрүп, байкап, үйрөнүп чыгууга аракеттенем. Бул жактан үйрөнгөндөрүм, изилдегендерим келечекте максаттарымды ишке ашырууда көп ишиме жарайт деп ишенем.

Учурда окууда жазып, изилдеп жаткан иштеримдин көпчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча. Магистрдик диссертациямда да ушул тармак боюнча жактасам деп пландап жатам. Келечекте өзүмдү жергиликтүү башкаруудагы бир кызматкер катары көрөм, бул жактан алган билимимди, тажрыйбамды өлкөмдүн эртеңки жыргалчылыгы үчүн жумшагым келет», - дейт Тойчубек.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 3-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up