Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылындагы китепкана китептер менен толукталды (сүрөт)

Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылындагы китепкана китептер менен толукталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы мектептин китепканасы китептер менен толукталды. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Бишкек шаарындагы, Кош-Дөбө айылындагы жаштардын демилгеси менен «Бир адамдан бир китеп» долбоору китепкананы китептер менен толуктады.

Долбоордун негизги максаты — мекенибизде китеп окууну даңазалоо руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу, шаар, аймак, алыскы айылдарда китеп жетишсиздиги жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү.

«Жабыла көтөргөн жүк жеңил», «Көп түкүрсө көл болот» демекчи, ар бир атуул карап турбастан, колдорунан келишинче китеп беришип, сатып беришип, акчалай көмөктөрүн көрсөтүшүп, азыркы учурда эң окумдуу китептер менен айылдын китепканасы толукталды. Ошентип чогулган китептин саны болжол менен 800гө жакындады, азыркы учурда да китеп алып келгендердин саны токтой элек», - дейт А.Нусупова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up