Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылында окуучулар үчүн муз аянтчасы ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында муз аянтчасы ачылды. Муз аянтча окуучулардын кышкы эс алуу убактысын туура пайдаланууга, көңүлдүү өткөрүүгө шарт түзөт.

Кыштын суугуна карабастан, балдар муз аянтта эс алып, ден соолуктарын чыңдап жатышат. Айрым аз камсыз болгон, социалдык абалы оор үй-бүлөлөрдүн балдарына мектептин дене тарбия мугалими Нурбек Карасартов жана айыл тургуну Эдил уулу Кубанычбек демөөрчүлүк кылып, 1 жума муз аянтчасында бекер ойноого мүмкүнчүлүк түзүп беришти.

Эс алууга келген ата-энелер да ыраазычылыктарын билдирүүшүдө. Мындан сырткары, балдардын кышкы эс алуусун пайдалуу өткөрүү максатында күрөш ийрими да мелдештерди уюштуруп жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up