Кара-Сууда белгилүү педагог, профессор Дүйшөн Шаматовдун 50 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү (сүрөт)

Кара-Сууда белгилүү педагог, профессор Дүйшөн Шаматовдун 50 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция  өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районунда белгилүү педагог, PhD доктор, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун 50 жаш курагына арналган «Ата-эне, мектеп, коомчулук ортосундагы кызматташуу аркылуу мектеп окуучуларын ар тараптуу өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу конференцияны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинен экономика илимдеринин кандидаты, доцент Мурат Абдиев билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара 2019-жылдын 5-январында Дүйшөн Шаматов өзү туулуп-өскөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылындагы №75 М.Жаманкулов атындагы орто мектебинде өттү.

Профессор Дүйшөн Шаматов 50 жаш кутман курагында туулган жери Отуз-Адыр жана коңшу айылдардагы мугалимдер, жогорку класстын окуучулары жана ата-энелер менен баарлашып, адискөй сунуштарды берүү максатында өлкө ичинен жана чет жактан адистерди топтоп, жыйын өткөрүп, мастер-класстарды уюштурду.

Конференциянын биринчи бөлүгүндө пленардык отурум болуп, ачылыш сөздөрдө Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлай Машрапова, М.Жаманкулов атындагы орто мектептин ардагер мугалими Төлөгөн Зикираев куттуктоо сөз сүйлөштү. Пленардык жыйында Дүйшөн агай Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты министрдин орун басары К.Кожобеков салтанаттуу түрдө тапшырды.

Пленардык отурумда Баткен облусунун Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясынын директору, КР Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов «Глобалдаштыруу заманында мектеп, үй-бүлө жана ата-энелердин кызматташтыгы балдардын ар тараптан өнүгүүсүн камсыздайт», Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин негиздөөчүсү Орозали Сайдилханов «Тоолуу аймактын шартында балдарды окууга шыктандыруу тажрыйбалары», ОГПИнин ректору Бекмырза Зулуев «Педагогикалык адистерди даярдоонун актуалдуу маселелери» деген темада баяндама жасашты. Ошондой эле пленардык жыйын учурунда жогорку класстын окуучулары үчүн ЖРТ жана чет өлкөгө окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу мастер-класстарды Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан Бурул Шамбаева «ЖРТ даярдануу боюнча кенештер жана практикалык сунуштар», Сentral Asian Garden Schools, Казахстандан Нурмухаммед Досыбаев «Как поступать в лучшие вузы мира», БААУдан Данияр Карабаев «21-кылымдагы актуалдуу кесиптер, чет өлкөгө окууга кантип тапшырылат» деген темада мастер-класстарды өтүштү.

Конференциянын андан кийинки бөлүгү мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн секциялык отурумдар менен коштолду. 1-секция «Инсанга багыттап окутуу мезгил талабы» деп аталып, белгилүү педагог Гапыр Мадаминов «№3 мектептин ата-энелеринин мектеп менен иштөө тажрыйбасы» деген темада, педагогика илимдеринин андидаты Куштарбек Кимсанов «Бала тарбиялоодогу заманбап маселелер» деген темада, Сузак районунун Ленин аймагынын
аялдар кеңешинин төрайымы, мугалим методист Бактыгүл Анарбаева «Ар бир бала, бул дүйнөдө ата-эненин бактысы» деген темада мастер-класс өтүштү.

Ал эми 2-секция мугалимдер үчүн «Балдарды ар тараптан өнүктүрүү үчүн мектеп менен ата-энелердин ортосундагы кызматташтык» деп аталып, анда ЖАМУнун белгилүү педагогу Мухтарбек Найманбаев «Өспүрүмдөрдүн психологиялык өзгөчөлүктөрү» деген темада, Ош шаарындагы «Жетиген» мектебинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Кыялбек Акматов «Классты эффективдүү башкаруу» деген темада, Зет мууну билим берүү борборунун тренери Асылбек Жооданбеков «Инсанга багытталган окутууну практикада кенири колдонуунун зарылдыгы» деген темада мастер-класстарды өткөрүштү.

Ал эми 3-секция окуучулар үчүн «Ааламдашуу шартында мектеп окуучуларынын алдындагы мүмкүнчүлүктөр жана тобокелчиликтер» деп аталып, анда Семетей Амиралиев (ОшМУ), Данияр Карабаев (БААУ), Кеңеш Сайназаров (Central Asia Programs Director в Search for Common Ground) мастер-класстарды өткөрүштү.

Ал эми 4-секцияда англис тилинде Хамид Турсунов, Бурулча Койлубаева, Чынара Жээнбекова, Кирстен Расмуссен (америкалык ыктыярчы), Гүлзат Айипова (ОшМУ), Дарика Беккулова (ОшМУ) мастер-класстарды өткөрүштү. Мастер-класстардын жыйынтыгында угуучулар заманбап билим берүүнүн жаңылыктары менен таанышып, окуучулар өз мүмкүнчүлүктөрүн аныктап, келечек багыттарын тактаса, ата-энелер керектүү маалымат алып, мугалимдер билим берүүнүн инновациялык жаңылыктары менен окутуу усулдарын байыта алышты.

Конференциянын түштөн кийинки 2-бөлүгү «Таш уста» тууралуу театрлаштырылган оюн (окуучулар), окуучулар үчүн жарыяланган эссе ксынагынын жыйынтыгын чыгаруу жана белектерди тапшыруу, Д.Шаматовдун суроолорго жооп берип баарлашуусу, конференциянын резолюциясын кабыл алуу, жыйынтыктоо жана бата берүү менен коштолду.

«Мен мугалим болгум келет» деген темада мыкты дилбаян жазгандыгы үчүн Отуз-Адыр айылындагы №75 М.Жаманкулов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бакытбекова Тахмина баш байге — ноутбукка ээ болду. Андан сырткары 2-3-орундарга жана мыкты дилбаяндарга акчалай жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

Резолюцияда бул иш-чара ушуну менен гана чектелбестен, дагы улана турган болду. Мындай иш-чараны өлкөбүздүн башка аймактарына дагы жайылтуу сунушталды. Эң негизгиси — коомдо мугалимдин аброюн көтөрүү менен анын окуучу, ата-энелер менен тыгыз иш алып баруу, аларды мотивациялоо. Бул иш-чаранын демилгечиси жана себепкери болгон мекенчил атуул, мыкты педагог, илимпоз Дүйшөн Шаматовго терең ыраазычылык билдирүү менен бекем ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөсүнө аманчылык, кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up