Кыргызча сүйлөп, кой сойгон япониялык дене тарбия мугалими Хироя Ямамото (видео)

Кыргызча сүйлөп, кой сойгон япониялык дене тарбия мугалими Хироя Ямамото (видео)

Билим АКИpress - Япониялык Хироя Ямамото — дене тарбия мугалими, «JICA» ыктыярчысы. Ал 23 жашында Кыргызстанга келип, Воронцовкадагы жатак мектепте 2 жыл дене тарбия мугалими болуп эмгектенди. 2 жыл ичинде кыргызча сүйлөп, кой сойгонду үйрөнгөн Хироя 8-январда Японияга кайтуу алдында турат. Кыргызстандагы ишмердүүлүгү, таасирлери тууралуу япон ыктыярчысы АКИpress агенттигине кеп куруп берди.

«Мен учурда 25 жаштамын. Япониянан Йокайчи шаарынан келдим. Үй-бүлөдө 5 адамбыз: ата-энем жана 2 иним бар. Спорт боюнча окууну аяктагам. Кесибим — спортчу, футболчу.

Японияда окуган кезде чет мамлекетке баргым келчү. «JICA» компаниясына аркылуу Кыргызстанга келип, Воронцовкадагы гимназияда 2 жыл дене тарбия мугалими болуп иштедим», - дейт ыктыярчы.

«Мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеп, мугалимдерге да башка ыкмаларды үйрөттүм. Гимназияда 5-11-класстарга сабак бердим. Спорттун бардык түрүн, ошондой эле Япониядагы спорттун түрүн үйрөттүм. Бул жактын мугалимдери мага жардам беришти. Жаңы келип, эч ким менен сүйлөшө албай жүргөндө колдоо көрсөтүп, «кыйналган жокусуңбу?» деп сурап турушту.

Гимназияда ийримдер көп, окуучуларга япон тилин үйрөттүм. Япон тамгаларын, ыр-бийлерин, салтын, маданиятын да үйрөттүм.

Дене тарбия сабагы боюнча айтсам, гимназиядагы Эсен агай экөөбүз тажрыйба алмаштык. Кыргыздарда «мындай кыл», «тигиндей кыл» деп сабак үйрөтүшөт, ал эми Японияда, тескерисинче, «сабакты кандай өтсө туура болот, кандай ойлойсуңар?» деп окуучулардан сурашат. Ошол ыкманы үйрөттүм, анткени окуучуларга суроо бергенде алар да ойлонуп, өз оюн айтышат, бир нерсени туура кылганга аракет кылышат», - дейт Хироя ишмердүүүлүгү жөнүндө.

Хироянын кыргызча аты Талант. «Японияда 2 ай тил окуп жүргөндө бир эже: «Сен аябай таланттуу кишисиң, спорт менен да машыгасың, тил да үйрөнөсүң» деп, Талант деп койду», - дейт ал.

Япон ыктыярчысы кыргыз тилин кантип үйрөнгөнү, таасирлери тууралуу да кеп салды. «Адамдар менен сүйлөштүм, түшүнбөсөм «бул эмне?» деп сурачумун. Балдар менен жүрүп, көбүнчө ошолордон сурадым, алар жакшыраак үйрөтүштү. Кыргыздарда чай ичүү деген бар, чогулуп, дасторконго отурушат. Ошол мага аябай жакты, анткени пикир алмашуу жүрөт. Үй-бүлөлөр, мугалимдер чогулуп отуруп сүйлөшкөндө, аларды угуп, түшүнбөсөм сурап жүрдүм. Кыргыздар бат-баттан сүйлөшөт экен. Япониянын эли кишилерди анча карабайт, бири-бирине сүйлөшпөйт, ал эми кыргыздар кичи маршрут күтүп жатып деле сүйлөшө беришет, мага аябай жакты.

Кызыктуу окуялар көп болду. Жайында балдар менен лагерге катышып, ойноп, көлдө жыргап отурдук, жакшы болду. Кыргызстанда саякаттаганга да жетиштим. Ысык-Көлгө, Караколго, Нарынга, Бишкекке бардым. Жайында бул жакта абдан сонун. Кой сойгонду үйрөндүм. 29-декабрда мугалимдер менен акыркы жолу отуруп, кой алып, өзүм сойдум. Абдан кыйын болду, байкелер да жардам беришти. Негизи, өзүм койдун башын аябай жакшы көрөм. Кыргыздардын учурашуу салты да мага абдан жакты. Учурашканда кол берип, кучактап, адамдар жакын мамиледе болушат экен», - деди дене тарбия мугалими.

«Японияга барганда мугалим болуп иштегим келет. Мен иштеген гимназияны азыркы директор өзү ачкан. Абдан жакшы мектеп. Мен да Японияга барып, мектеп ачкым келет.

Чогуу иштеген мугалимдерге рахмат айтып кектим келет. Сиздер менен иштеген мага пайдалуу болду. Жалпыга ден соолук, ийгилик каалаайм, балдар менен жүргөн мага аябай кызыктуу болду. Аларга да чоң рахмат. Жашоодо максат коюп, аракет кылып, ошого жеткиле», - деп сөзүн жыйынтыктады Хироя Ямамото.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up