Кара-Сууда мектеп окуучулары арасында «Интеллект Ум» акыл таймашы өтүүдө (сүрөт)

Кара-Сууда мектеп окуучулары арасында «Интеллект Ум» акыл таймашы өтүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районундагы мектептердин окуучулары арасында «Что? Где? Когда?» интеллектуалдык оюнунун спорттук версиясынын эрежелеринин негизинде «Интеллект Ум» оюну башталды. Иш-чараны райондук админстрациясы менен райондук билим берүү бөлүмү биргеликте уюштурууда.

Райондук админстрациядан билдиришкендей, оюндун биринчи баскычы алгач Кара-Суу районунунун айылдарындагы мектеп окуучулары арасында уюштурулуп, анда жеңүүчү болгон командалар райондук мелдешке жолдомо алышат.

«Интеллект Ум» интеллектууалдык оюнунун ачылышы 2018-жылдын 9-декабрында болуп, ага жалпысынан Мады айыл өкмөтүндөгү мектептердин командалары катышкан. Оюнга 8 мектептен 11 команда катышып, 1-орунду №130 Шабы Жумаев орто мектебинен «Биримдик» командасы, 2-орунду №87 Сыдык Алайчы уулу мектеп-гимназиясынын «Ак шумкарлар» командасы, 3-орунду Бегайым Лапин кызы орто мектебинен «Жалын» командасы ээ болушкан. Оюнга катышкан командалар китеп жана дипломдор менен сыйланышкан.

Оюндун кийинки туру Жоош айыл өкмөтүндөгү №30 Гайрат орто мектебинде болгон. Оюнга жалпысынан 11 мектептен 11 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду №52 Төрөбеков орто мектебинин «Шумкар» командасы, 2-орунду Зарбалик орто мектебинин «Эрудит» командасы, 3-орунду №42 Маданият орто мектебинин «Глобус» командасы камсыздашты.

Оюндун 3-туру Сары-Колот айыл өкмөтүндөгү мектептердин ортосунда К.Жантөшев мектебинде болуп өттү. Оюнга жалпысынан 5 мектептен 5 команда катышып, татыктуу оюн көргөзүштү. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Н.Исанов орто мектебинин «Долон» командасы, 2-орунду К.Жантөшев орто мектебинин «Билимдүүлөр» командасы, 3-орунду К.Жантөшев орто мектебинин «Акылман» командасы алышты. А.Кулботоев жана С.Бекмуратов мектептеринен келген 2 команда да мыкты оюн көргөзүштү. Жалпы командалар диплом жана китептер менен сыйланышты.

Аталган интеллектуалдык оюн медреселерде окугандардын арасында да уюштурулмакчы.

Кара-Суу районунда жалпы 16 айыл өкмөт, 1 шаар бар. Анда 400 миңден ашуун адам жашайт. Райондо жалпы 128 мектеп, 70 миңден ашуун окуучу бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up