Президент С.Жээнбеков мугалимдердин айлыгын көбөйтүүнү убада кылды

Президент С.Жээнбеков мугалимдердин айлыгын көбөйтүүнү убада кылды

Билим АКИpress - Президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда мугалимдердин эмгек акысы жогорулай турганын айтты. «Мугалимдерге, врачтарга айлыктарды көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыктары көбөйтүлдү, эми кийинки кезек мугалимдерде», - деп билдирди мамлекет башчы.

Мамлекет башчысы кызматына киришкен күндөн тартып, президенттикке талапкер катары элге берген убадаларын аткаруунун үстүндө иштегенин белгиледи.

«Убадаларымдын негизгилери – региондорду өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул – мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатуу», - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up