24 жаштагы жаш мугалим Бектурган Мизамидин уулу Түркияга барып, тажрыйба топтоп келди (сүрөт)

24 жаштагы жаш мугалим Бектурган Мизамидин уулу Түркияга барып, тажрыйба топтоп келди (сүрөт)

Билим АКИpress - Кыргызстандык 2 мугалим Түркиянын Эдирне шаарына барып, тажрыйба ашырып келди. Бул тууралуу барып келгендердин бири – Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин информатика мугалими Бектурган Мизамидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Түркияда билим берүү теория жүзүндө кала бербей, практика жүзүндө ишке ашырылат.

«Менин Түркиядан алган тажрыйбам азыркы күндө жемишин берүүдө. Бул жактагы мугалимдер менен да бөлүшүп жатам. Ар бир окуучу менен жеке иштешкенге аракет кылуудамын. Түркияда окуучуларга практика жүзүндө көбрөөк үйрөтүшөт экен. Бирок билим берүү системасы бирдей эле. Чет мамлекетке барып, тажрыйба ашырып келүүнүн пайдасы чоң экен. Ал жакка барып келгенден кийин Кыргызстандагы билим берүү усулдарын бир аз өзгөртүү керек экенине ынандым», - деди Бектурган Мизамидин уулу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up