Жылдын жаңырышы менен Кош-Дөбөдөгү Э.Мейманов мектебине жаңы директор келди (сүрөт)

Жылдын жаңырышы менен Кош-Дөбөдөгү Э.Мейманов мектебине жаңы директор келди (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебине Тобокелов Жайнак Насыпбекович директор болуп дайындалды.

Жайнак Тобокелов 1975-жылы 7-декабрда Кош-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Аталган айылдагы орто мектепти аяктап, 1996-2001-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунан билим алып, окутуучу-менеджер квалификациясына ээ болгон.

Эмгек жолун 2001-жылы Эргеш Мейманов атындагы орто мектепте мугалим болуу менен баштайт. 2004-2005-жылдар аралыгында директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, 2012-2016- жылдары Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты, төраганын орун басары болуп иштеп, 2013-2015-жылдары мектепте профсоюз уюмун жетектеген. 2015-2017-жылдары аталган мектепте кайрадан окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектене баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин аталган мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеп келген.

Ж.Тобокелов үй-бүлөлүү, 3уул, 3 кыздын атасы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up