Ошто билим берүү кызматкерлеринин Январь усулдук декадасы өттү

Ошто билим берүү кызматкерлеринин Январь усулдук декадасы өттү

Билим АКИpress - 2019-жылдын 8-10-январь күндөрү Ош шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин Январь усулдук окуусу өттү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, иш-чаранын жүрүшүндө 2018-2019-окуу жылынын I жарым жылдыгы жыйынтыкталып, II жарым жылдыкка карата пландар түзүлдү. Муну менен катар билим берүүдөгү жаңылыктар айтылып, айрым көйгөйлөр талкууга алынды.

Ош шаарындагы №4 Киров, №18 А.Навои атындагы мектеп-гимназияларында жана «Жетиген» мектеп-лицейинин базасында уюштурулуп жаткан бул иш-чара медиа-маалыматтык сабаттуулукка багытталып, мугалимдер үчүн маалымат жана маалыматтык технологиялар менен иштөө боюнча ыкмалар үйрөтүлүп, көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды.

Шаардагы мектептердин директорлорунун уюштуруу иштери боюнча орун басарлары, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, ошондой эле информатика мугалимдеринин секциялык отурумдарынын өзөктүү темасы медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча болуп, ММК Колдоо борбору тарабынан уюштурулган күзгү семинар-тренингдин катышуучулары Илгиз Шамырзаев, Аида Тагаева, Касымбек кызы Келсинай жана Мирлан Нарматалиев таасирдүү баяндамаларды жасашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up