Нарында кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон бала бакча жетекчилери сыйланды (сүрөт)

Нарында кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон бала бакча жетекчилери сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районундагы бала бакчаларда кыргыз тилин өнүктүрүүгө карата бир катар уюштуруучулук иштер жүргүзүлүп келет. Кыргыз тилине арналган ар кандай иш-чаралар уюштурулуп, тарбиялануучулар тарабынан кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлүүдө.

Балдардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттырууда тарбиячы эжелердин эмгеги зор экендигии айтылып, айрым бала бакчалардын жетекчилери кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн «Ыйык тил» төш белгилерине татыктуу болушту. Аларды Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азисов куттуктап, Нарын районундагы Кеңеш, Миң-Булак, Жерге-Тал жана Дөбөлү айылдарындагы бала бакчалардын башчылары Шайлообүбү Исаева, Махабат Саалаева, Дилбар Апышова жана Кенже Малаевага «Ыйык тил» төш белгилерин такты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up