Мугалимдер.kg: Таластык химия мугалими Гүлмира Алымбекова: Жумушума жана окуучуларга сүйүүм бийик (сүрөт)

Мугалимдер.kg: Таластык химия мугалими Гүлмира Алымбекова: Жумушума жана окуучуларга сүйүүм бийик (сүрөт)

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда агартуучулуктун түйшүктүү жумушун аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз —Талас шаарындагы №9 орто мектептин химия мугалими, Эл агартуунун отличниги 51 жаштагы Гүлмира Алымбекова. Ал өзүнүн кесиби, ишмердүүлүгү, ишиндеги кызыктуу учурлар тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен 1990-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун инженер-технолог адистигин бүтүрүп, Көк-Ой айылындагы №90 орто кесиптик окуу жайда мастер-окутуучу болуп эмгектендим.
Кийин Таластагы университетти аяктап, химия жана биология адистигине ээ болгом, анткени балдар менен иштөөнү каалачумун. Кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесипти аркалоо мен үчүн сыймык.

Жумушума жана окуучуларга сүйүү бийик. Окуучуларга көнүп алып, алар каникулга кетишкенде кайра келгенин кадимкидей сагынып калам. Иштегенден бери 4 классты бүтүрүп, сыймыктануу менен кесипти аркалап жүрөм. Алгачкы ийгилигим эсимде, анткени жакшы көрсөткүчтү көрүү менен билим берүү бөлүмүнөн грамотага татыгам. Ошол сыйлык менин кесибиме болгон сезимимди курчуткан. Андан кийин көптөгөн сыйлыктарга ээ болдум.

Мектеп директорубуз айтып калат: «Сенин жөнөкөй сабагыңа киргенде, ачык сабакка киргендей болом», - деп. Ишимдин алгачкы жылдарында эле химия сабагынан олимпиадага окуучум катышып, 2-орунду алган. Ошол убактан бери окуучуларды даярдап, мыкты ийгиликтерди жарата алдык. Химия сабагына кызыккан окуучулар көп. Бул менин педагогикалык акыл топтомумду, изденгичтигимди, бүткүл чыгармачыл эмгегимди, келечек ээлерине терең билим берүүгө белсенүүгө түрткү берген. Педагогикалык системамдагы алгачкы бүтүргөн классымда мен жана мектептин сыймыгы болгон окуучуларым бар.

«Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот» дегендей, заманбап окутуунун методикалары менен сабак өтүп, келечек муундарга татыктуу билим берүүдөмүн. Мектептеги окуучулар менен гана чектелбестен, Талас шаарындагы жана райондогу медик болом деген окуучуларга химия сабагынан репетитор болом. Химиядан билим алам деген окуучуга жумушум көп болсо да, убакыт таап үйрөтөм. Ар кайсы мектептен көптөгөн окуучуларды даярдадым. Аябай жакшы жыйынтыкты алышты. Арасынан Мээрим деген кыздын «эже, вы созданы для химии» деген сөзү жүрөгүмдө калган», - дейт химия мугалими.

Гүлмира эже 2006-жылы «Жылдын мыкты мугалими» сынагына катышып, 1-орунга ээ болгон. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын 2-съездине, билим берүү кызматкерлеринин форумуна катышып, тажрыйба топтрп, жаш мугалимдер менен иштешип келет. Дагы бир сынакта «Эң мыкты сабак» деген номинация татыган.

«Педагогикалык чөйрөгө келгеним дагы жөн жерден болбосо керек, анткени бир тууган апчемдин жолун жолдоп келем. Ал кишинин кичинемден бери мага болгон көзөмөлү чоң болчу. Мектеп курагымда сабактан «4» деген баа алып калсам, үйгө жетүү мен үчүн кыйын болчу, себебин сурап, татыктуу билим алуу менен кесибиме көпүрө даярдап койгон экен.

Жумушка жаңы кирген жылы директорубуз жөндөмүмдү байкап көрсө керек, мага абдан бейбаш класс берип, аларга класс жетекчилик милдетти аткардым. Ал класста 4 тынчы жок окуучу балдар бар болчу, үйдө, мектепте жүрсөм да алар мээмде жүрөт эле, «канткенде аларды туура жолго түшүрө алам?» деп ойлоно берчүмүн.

Бир күнү класска кирсем, эч ким саламдашуу үчүн турбайт. 3 жолу айтып, отуруп-тургузуп учурашып сабагымды уланткам. Көрсө, алардын баары сүйлөшүп алышкан экен. Мен аларга жакпай калыптырмын да (күлүп). Көптөгөн кылыктарына урушпастан тарбия берүү кудуретимди жумшап, жакшы сөз айтуу менен жолго салып, аракетимди кыла бергем. Кийин аны уюштурган балам: «Эже, көпкө чейин сизге тескери жоруктарды кылып жүрө берипмин, мен сизге ыраазымын», - деп айтып жүрдү. Ошол классты бүтүргөндө ата-энелери аябай ыраазы болушкан. Алардын жылуу сөздөрү мага чоң күч-кубат берген.

Быйыл 50 жашым экенин билип алып, алгачкы бүтүргөн класстагы окуучуларым: «Эже, сиз бизге сабак берип жүргөндө 33 жашта болчусуз, биз үчүн дайыма 33 жаштасыз» - деп, торттун үстүнө жаздырып, капыстан алып келип калышканда мен кубанганымдан жарылайын дегем. Ошентип, эр-азамат инсандар окуп бүтүшкөн.

Ар бир тема балдарга жеткиликтүү болсо экен деп, берилүү менен аракет кылам. Канча саат болсо дагы, бала бир нерсе үйрөнүп калсын деп күчтүү энергия менен сабак өтө берет экенбиз да. Окуу менен эле чектелбей, оюн-зоок тилиндеги сабактарды дагы уюштурам. 8 жыл мурда «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашын химия сабагы боюнча өткөргөм. Жыйынтык жакшы берген. Анткени ал жерге окуучу үйрөнөм деп эмес, билгенин тастыктайм деп барат эмеспи. Ошондуктан көптү үйрөнөйүн деп, сүңгүп окуйт экен. Жакшы натыйжасын берген шилтемелеримди жаш мугалимдерге үйрөтүп келем.

Класс жетекчилик милдетти аралоодо да окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша тарбия беребиз. Кээде окуучуларда үй-бүлөлүк көйгөйлөр жаралып калышы мүмкүн. Ошондой учурларда туура багыт берип, тарбияга салам. Класс жетекчи экинчи ападай болуп калат эмеспизби. Үйлөрүндө айта албаган сезимдерин бизге айтып, жооп алышат. Сүйүү тууралуу маселе жаралып калат. Баарын туура түшүнүү менен кабыл алып, ачык сүйлөшүүгө чакырам. Кээде кыздар «мен ушул баланы жакшы көрүп калдым, башка жашоо кызыксыздай» дегендей, башка бир багыттагы көз караштарын айтып калган убактары көп болот. «Сен бүгүн ошондой ойдо болуп жатсаң, убакыттын өтүшү менен сага бир жакшы ойлор келет. Бүгүн сенин көзүңө ошол бала эле көрүнүп жатса, эртең андан дагы жакшы көрүнгөн бала жолугат», - деп айтам. Ошол кыздар кийин алдымдан чыгып калышса, ошону айтып күлүп калышат.

Бош убактым болуп калса, химия китептеримди билип турсам дагы ачып, эсептерди түзүп-чыгарып коюудан ырахат алам», - дейт Гүлмира Алымбекова.

«Улуу кызым химия сабагынан мугалим болуп, Манас районуна караштуу Үч-Коргон айылында менин жолумду жолдоп эмгектенүүдө. Балам Политехникалык университетте архитектура адистигине ээ болуп, бүгүнкү күндө иштеп жүрөт. Кенже кызым мектеп окуучусу», - деди мугалим үй-бүлөсү тууралуу.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up