Кадамжайдын 32 окуучусу кышкы лагерде эс алып кайтышты

Кадамжайдын 32 окуучусу кышкы лагерде эс алып кайтышты

Билим АКИpress - Кечээ, 9-январь күнү Кадамжай районунда 32 окуучу «Билим лагери» аттуу кышкы лагерди аяктап, үйлөрүнө кайтышты. Бул тууралуу «Нур Элект» жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы Асылбек Мадалиев билдирди.

Анын айтымында, 1-декабрдан 10-декабрга чейин мигранттардын балдары менен окуунун мыктылары арасында кабыл алуу жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн А.Төралив, «Өрүкзар», «Кызыл-Коргон» жана «Чоң-Кара» орто мктептеринен 32 окуучу кабыл алынып, 3-январь күнү лагерге жөнөтүлгөн.

Лагерге кабыл алынган окуучуларга 3 маал ысык тамак уюштурулуп, 1 жума бою китеп окуп, ар кандай оюндарды ойношту. Ошондой эле уюштуруучулар чет өлкөлөрдүн билим берүү сестемасын изилдеп чыгып, «Окуучу балдар угуп кабыл алганга караганда, көрүп жакшы кабыл алат» деп тыянак чыгарышты. Алар 2 жылдан бери китеп окуу сынагын уюштуруп, алдыңкы окуучуларды Ош жана Бишкек шаарларына экскурсияга алып барып, окуу жайларды көрсөтүп, окуучу балдардын билимге болгон көз карашын өзгөртүүгө жетишти.

«Азыркы убакта балдарды китеп окууга кызыктыруу өтө кыйын болуп калды, баары телефон, смартфон колдонуп, китеп окууга эч ким көңүл бурбай калган болчу. Бирок биз анын чечимин таптык. Азыркы биздин балдар «Тарыхтын актай барактары» деген 350 беттен турган китепти 5 күндө окуп чыгып, улуу жазучуубуз Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү жөнүндө кеңири маалым алышты. Окуган китептерин талкуулап, суроо-жооп сынагына катышты. Бул өтө жакшы көрсөткүч. Лагерде балдарга 3 маал ысык тамак берилип, лагерь ийгиликтүү аяктады», - дейт Асылбек Мадалиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up