«Мугалимдер.kg»: Балдарды бакчада тарбиялоонун актуалдуу маселелери: А.Нусупованын тажрыйбасы

«Мугалимдер.kg»: Балдарды бакчада тарбиялоонун актуалдуу маселелери: А.Нусупованын тажрыйбасы

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз – Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Керемет-Бөбөк» балдар бакчасынын башчысы, бир нече Ардак грамоталардын ээси Алмагүл Нусупова. Ал бала бакчада балдарды тарбиялоонун актуалдуу маселелери, көркөм адабияттын ролу, элдик педагогика – тарбия иштерин жүргүзүүдөгү негизги каражат жаатында ой бөлүшөт.

«Бала бакча – тарбиялоонун башаты»
Арийне, тарбия – адам баласын өмүр бою коштоп, жөнөкөйдөн татаалга карай улам өнүгүүгө өр алган турмуштук процесс. Ал кылымдарды карыткан улуу мурастарга, ата-бабалардын таберигине, улуттук руханий асыл баалуулуктарга таянуу менен жан дүйнө азыгы катары аң-сезимге сиңип, коомдун күүсүндө адамзатты калыптайт. Мүмкүн, мындан да терең, кенен түшүнүк болуусу ыктымал.

Кандай болгон күндө да, биздин балага калтырган эң жакшы мурасыбыз – татыктуу таалим-тарбия. Бул мезгил агымынын үчилтиги болгон кечээ, бүгүн, эртеңки байланыштарын бир бүтүнчө бириктирип, коомдук өнүгүүгө үндөшүп барат. Демек, дал ушул өңүттөн алып караганда балдарды бакчада тарбиялоонун актуалдуу маселелери көтөрүлөт. Бул жагдайга астейдил көңүл буруу зарылчылдыгы туулат. «Эмне үчүн?» деген собол жаралышы да ыктымал. Окумуштуулардын далилдөөсүнө караганда, баланын баш мээсинин клеткалары 3 жашка чейин 70%га өнүгөт. Ал 6-7 жашта 90%ды түзөт. Ошондой эле 6-7 жашка чейин сөз курамын эң көп топтойт. Мындай изилдөөдөгү такталма баланын 6-7 жашка чейинки балалык курагына өтө терең маани берүү зарылчылдыгын ырастайт. Биздин «Керемет-Бөбөктүн» ар бир тарбиячысы психологиялык, педагогикалык көз караштарды алтын эреже тутуу менен ата-энелерге Монтессоринин педагогикасындагы артыкчылыктар жаатында аңгеме-дүкөн, семинар-тренингди өткөрүп келишет. Анда Мария Монтессоринин: «Бала өзүнүн инсандыгын өзү гана кура алат», - деген идеясын туу тутушат.

Ырас, ар бир бала – сырдуу аалам. Табият тартуулаган талант, генетикалык муундан-муунга өтүүчү тубаса өзгөчөлүк жана башкалар дилинде, денесинде, канында жаралат. Туура. Бирок, «табийгат талант берген адам акылдуу эмес, талантты толук жана туура пайдалана билген адам акылдуу», дешет ата-бабалар.

Ооба, ар бир балада өнүгүүгө умтулган генетикалык программасы болот. Биз, улуу муундар, баланын эркин өнүгүүсүнө, чабал да болсо ыңгайсыз соболдоруна жеткиликтүү жооп бербей, «Көп сүйлөбө. Бала баладай эле болот. Ар нерсени сурай бербей тек отур» деген сөздөр менен дилиндеги каалоосун кандырбай, генетикалык программасын бузган болобуз. Бул жагдайды Монтессори баланын төрөлгөнгө чейинки ички жан дүйнөсү менен түшүндүрөт. Тактап айтканда, аны «Рухий түйүлдүк» (Духовный эмбрион) деп атаган.

Мындай ой түрмөктөрдү эмне себептен узун сабак сөз козгоп жатабыз. Себеби ушул жаш курак, өзгөчөлүк балдар бакчасындагы мезгилге төп келет. Ал тарбиялоонун башаты, аалам таануунун ачкычы, дүйнө кабылдоонун алгачкы кадамдары десек жаңылышпайбыз. Тарбиячыларыбыз Назира Усеналиева жана Жыпаркүл Бекбоевалар өңдүү чыгармачыл адистер жогорудагы ой оромдорун системалуу түрдө жүргүзүшүп, бала бакчабыздын кутун уютуп барышат. Кош кабаттуу балалыктын өлкөсүндө арбын иштер жасалып, баланы эркин тарбиялоого басым жасалат. Оюн аркылуу ишмердүүлүгүн арттыруу, анын дени сак болуусуна кам көрүү, туура тамактандыруу, таза бөлмөлөрдө уктатуу, музыкатерапия жумуштарын аткарып жаткан жамаатымдын эмгеги менен сыймыктанам.

«Адептүүлүккө тарбиялоодо көркөм адабияттын ролу»
Тарбиялоонун жаңы технологиялары өз жыштыгын улам кабаттап турган чакта балдарды адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо маселеси ошончолук актуалдуулукка ээ болуп келет. Коомдогу оң жана терс көрүнүштөр кандайдыр бир деңгээлде тике жана кыйыр түрдө балдар бакчасына сүңгүп кирип, терси тергелип, оңу өң берип турат. Дегенибиз, коомдук көрүнүштөрдөн балдар дүйнөсүн бөлүп кароого болбойт. Биз тарбиялоонун негизги каражаты катары көркөм адабияттарды, өзгөчө балдар адабиятын туу тутабыз. Өзгөчө, өткөн 2018-жылда залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөдө, ага карата даярдыктардын жүрүшүндө бакчабыз Айтматовдун каармандарынын өлкөсүнө айланды. Албетте Айтматов балдар жазуучусу эмес. Бирок, кайсыл чыгармасын албайбы, балдар дүйнөсүнөн бөтөн кетпейт.

Мейли, «Ак кемедеги» бала (Нургазы), «Атадан калган туяктагы» Авалбектин, «Биринчи мугалимдеги» Дүйшөндүн балдарды каз катар тизип мектепке келиши ж.б. кичинекей бөбөктөргө сахна, кино, аңгеме, куурчак театр, сүрөттүү образдар аркылуу аралашып, алар менен кадимкидей жашап калат. Бугу Эненин мүйүзүнө бешик илип келиши жашоо уланат, адамзат түбөлүктүү, жакшылык чексиз экендигин баё сезимдери туюшат. Ошентип, Айтматовдун 90 жылдыгы өзгөчө майрамга айланды.

«Элдик педагогика – тарбиялоонун негизги каражаты»
Балдар бакчасында элдик педагогикага тиешелүү материалдар арбын. Ошол улуттук колоритти негиз тутуу менен каада-салт, үрп-адат, турмуштук жөрөлгөлөрдүн алгачкы түшүнүктөрүн калыптоого басым жасайбыз. Улуттук кийимдердин, музыкалык аспаптардын, саламдашуу адебинин, жүрүм-турум эрежелеринин негизги өзгөчөлүктөрүн белгилөө, тааный билүү зарылчылдыгына токтолобуз. Мындан сырткары, элдик балдар ырлары, табышмактар, жаңылмачтар, жомоктор негизги каражаты болуу менен биздин ишмердүүлүгүбүздү арттыруунун кыймылдаткыч күчү, локомотиви. Мындай негизги каражаттарды пайдаланууда жогорку чеберчиликти жаратышкан тарбиячылар Анара Абдувалиева, Чынара Жунусова, Айдана Абдувахапова жана Айчүрөк Гайбулдаевалар жеткиликтүү жана таасирдүү аракеттери менен ата-энелерге да жагымдуу маанай тартуулашат.

Ырас, «Керемет-Бөбөк» учурда материалдык-техникалык базасы чыңдалган билим-тарбия борбору. Ал көптөгөн Ардак грамоталардын, дипломдордун, сыйлоо баракчаларынын ээси. Ошондон улам толук шарты, даңкы бар. Элдик педагогиканы тарбиялоонун негизги каражатына айлантуу биздин негизги максатыбыз, миссиябыз», - деп айтып берди бала бакча жетекчиси Алмагүл Нусупова.

Жазган: КР Билим берүүсүнүн отличниги Ибраим Чотов.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up