Нарындын Миң-Булак айылына жаңы мектеп курулду

Нарындын Миң-Булак айылына жаңы мектеп курулду

Билим АКИpress - Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Т.Байсалов атындагы орто мектебинин имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалга келип, окуучулардын коопсуздугуна коркунуч жаралган. Кийинчерээк имарат жараксыз деп табылып, окуу процесси жүргүзүлбөсүн деген бүтүм да чыгарылган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2016-жылы сметалык баасы 47 миллион сомдук 150 орунга ылайыкталган мектептин жаңы имаратынын курулушу башталган. Акча каражатынын тартыштыгынан улам курулуш иштери кечеңдеп калган эле. Жакында эле кошумча акча каражаты бөлүнүп, курулуш иштери соңуна чыкты.

«Айыл тургундарынын, окуучулардын көптөн күткөн тилеги орундалып, эртең, 13-январь күнү мектептин жаңы имараты ачылат», - деди аталган мектептин директору Тынчтык Аманкулов.

Учурда мектепте 240 окуучу билим алып, аларга 28 мугалим билим-тарбия берет.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up