Ак-Муз айылынын окуучулары муз үстүндө жарышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын Боогачы атындагы орто мектебинин мугалимдери окуучулардын кышкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүү ар кандай темада иш-чараларды өткөрүүнү пландашкан.

Анын алкагында башталгыч клаасстардын окуучулары арасында муз үстүндө эстафеталык оюн өткөрүлдү. Чана, коньки, лыжа менен муз үстүндө жакынкы жана алыскы аралыктарга жарышуу сыяктуу кызыктуу оюндар болуп, ага окуучулар активдүү катышты. Ал эми жогорку класстын окуучулары «Чар» эс алуу жайында болушуп, жаратылыштын кооз жерлерине экскурсия жасашты. Лыжа тебишип, балдар жана кыздар арасында ар кандай мелдештерди уюштурушуп, көңүлдүү эс алып кайтышты. «Мындай эс алуулар кыш бүткөнчө жума сайын уюштурулуп турат», - деди мугалим Байыш Абдыбеков.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up