Ат-Башыда окуучулар үчүн кышкы лагерь уюштурулду

Ат-Башыда окуучулар үчүн кышкы лагерь уюштурулду

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинде 3 күн бою окуучулар үчүн кышкы лагерь уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин информатика мугалими Уланбек Токтакунов билдирди.

Маалым болгондой, К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинде 2019-жылдын 8-9-10-январында окуучулардын кышкы эс алуусун уюшкандыкта өткөрүү максатында кышкы лагерь уюштурулду. Кышкы лагерь мектеп администрациясы жана англис тили мугалимдери, кол эмгек жана дене тарбия сабактарынын мугалимдери менен биргеликте «Тынчтык Корпусунун» аталган мектебиндеги ыктыярчысы Риса Мацумура тарабынан уюштурулду.

Лагерге 5-11-класстардан жалпы 60 окуучу катышты. Лагердин максаты — окуучуларга англис тилин, кол эмгегине үйрөтүү жана окуучулардын ден соолугун чыңдоо. Мындай саамалык мектепте жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up