Бишкектин мурунку вице-мэри Исаков илимдин кандидаты наамынан ажырады

Бишкектин мурунку вице-мэри Исаков илимдин кандидаты наамынан ажырады

Билим АКИpress - Кыргызстандын Жогорку аттестациялоо комиссиясы Бишкек шаарынын мурурку вице-мэри Эркинбек Исаковду экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасынан ажыратты. Анын диссертациясынан плагиат табылган.

ЖАКтан билиришкендей, Исаковдун илимий иши плагиат аныктоо боюнча серепчилери тарабынан текшерилген. «Иштин 50%дан ашыгы бир булактан көчүрүлүп алынган экен. Ошондуктан серепчилер четтетүүнү сунуш кылышты», - дешти ЖАКтан.

Эскерте кетсек, Бишкектин мурунку вице-мэринин илимий ишинен Россиянын «Диссернет» изилдөө коомчулугунун эксперттери плагиат таап чыгышкан. Алар 181 бетти изилдеп чыгышып, анын 140 бетинен көчүрмө издерин аныкташкан. Иш «Теоретические основы развития трудового потенциала трансформирующейся экономики» деп аталат.

Плагиат тууралуу ЖМКга маалымат тарагандан кийин ошол учурда мэрияда иштеп жаткан Э.Исаков ЖАКка экономика илимдеринин кандидаты илимий наамынан баш тартуу тууралуу арыз жазарын билдирген. Ал башка илимий иш жазышы мүмкүн экендигин кошумчалаган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up