ИИМдин кызматкерлери Красная-Речка айылындагы мектеп-интернаттын тарбиялануучуларына жардам көрсөтүштү

ИИМдин кызматкерлери Красная-Речка айылындагы мектеп-интернаттын тарбиялануучуларына жардам көрсөтүштү

Билим АКИpress - 2019-жылдын 14-январь күнү ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери менен бирдикте Красная-Речка айылында жайгашкан ата-энелеринен кароосуз калган жетимдердин жана майыптардын
мектеп-интернатына барып келишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

2019-жылы Красная-Речкадагы мектеп интернатына ИИМдин кызматкерлеринин жетекчилик кылганына 24 жыл толот. Бүгүнкү күнү Красная-Речка мектеп-интернатында мектеп курагындагы 150 бала тарбияланат. Ички иштер министрлиги ар убак көңүл бурууну жана камкордукту талап кылган балдарга окуудагы, тамак-аш жана тарбия жактан көйгөйлөр бардыгына түшүнүү менен мамиле кылат.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана ИИМдин кызматкерлери бардык балдарды Жаңы жылы менен куттукташты. Ушундай иш-чаралар жагымдуу салтка айланып, пландалган акциялар менен майрамдардан сырткары дагы өткөрүлүп турат. Чогултулган 194 миң каражатка жаңы жылдык белектер, азык-түлүк продуктулары, кир жуучу каражаттар, сыналгы жана ДВД плеер, кеңсе товарлары сатылып алынып, интернаттын директоруна өткөрүлүп берилди.

«Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жана өздүк курамынын, ошондой эле жеке өзүмдүн атыман сиздерди Жаңы жылыңар менен куттуктап, бекем ден соолук, окууңарда, спортто жана башка жаңы ачылыштарда ийгиликтер коштоп жүрө беришин каалап кетүүгө уруксат бериңиздер. Бардык жамандыктар өткөн жыл менен калсын, Жаңы жыл сиздерге бир гана бактылуулукту алып келсин», - деди К.Асанов.

Өз кезегинде ИИМдин жетекчилиги менен милиция кызматкерлери жаңы жыл маалында мектеп-интернатынын балдарына арналган кубанычтуу жана бактылуу көз ирмемдер алардын жан дүйнөсүнө жылуулук тартуулап, татаал учурларда туура тандоо жасоого жана жашоосунда туура жолдон адашпоого жардам берет деген үмүттө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
УЧУРДА ОКУЛУУДА
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up