Бишкектеги европалык жеке мектеп коммуналдык кызмат акысын төлөбөй келет, - БШКнын депутаты

Бишкектеги европалык жеке мектеп коммуналдык кызмат акысын төлөбөй келет, - БШКнын депутаты

Билим АКИpress - Бишкектеги европалык менчик мектеп көп жылдан бери коммуналдык кызмат акысын төлөбөй келет. Бул тууралуу 14-январда Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча туруктуу комитетинин жыйынында комиссия мүчөсү Алмазбек Уланов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жеке-мамлекеттик деп эсептелген бул мектепке коммуналдык кызматтардын акысын төлөбөөгө уруксат берилген. А.Уланов кызматтар үчүн мындан ары акы төлөп башташабы деген маселени койду.

Өз кезегинде БШКнын башка депутаты Лев Васильев европалык мектепке жан тартып, «ал жакшы билим берерин жана анын бардык бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдорго тапшырарын» айтты.

Туруктуу комиссия өз жыйынында райондор шартында 2019-жылга Бишкек шаарынын бюджетин түзүү жөнүндө маалыматты карады.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up