Бишкектеги «Газпром» мектеби 1-сентябрда пайдаланууга берилет

Бишкектеги «Газпром» мектеби 1-сентябрда пайдаланууга берилет

Билим АКИpress - Бишкектеги «Газпром» мектебинин курулушу 2019-жылы 1-сентябрда аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу 14-январда Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча туруктуу комитетинин жыйынында Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов маалымдады.

Былтыркы жылы «Газпром Кыргызстандан» билдиришкендей, имараттын курулушун бүткөрүү 2019-жылдын аягына пландалган.

Жыйындын жүрүшүндө БШКнын төрагасы акимди мөөнөттөрдү так айтууга чакырды, анткени 2018-жылдын аягында ачылат делген Бишкектеги №180 бала бакчанын ачылышын 2019-жылдын жаз айына жылдырышты.

Маалымдама: Болочок мектептин имараты Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан. Курулушка каражаттарды «Газпром» коомдук акционердик коому «Газпром-балдарга» социалдык программасынын алкагында бөлгөн. Пайдубалына капсула салуу аземи 2017-жылдын 29-августунда өтүп, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев катышкан эле. Бишкек шаардык мэриясы тарабынан 3,5 га жер участогу бөлүнгөн болчу.

Мектеп 960 орунга эсептелген. Долбоорго ылайык, жалпы билим берүүчү мектептин имараты ашканасы, акты залы, 2 спорт залы, бассейн жана административдик, чарбалык окуу бөлмөлөрү менен камсыз болот.

2018-жылдын январында болочок мектептин директорлугуна сынак жарыяланган.

Сүрөт 2018-жылдын апрель айында тартылган.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up