Профессор А.Акматалиевдин илимий чыгармачылыгынын 50 жылдыгына арналган кече өтөт

Билим АКИpress - 2019-жылдын 15-январында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын 2 жолку лауреаты, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, академик, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан-Мелис Амантурович Акматалиевдин «Манастан Айтматовго карай» аттуу илимий чыгармачылыгынын 50 жылдыгына арналган кече өтөт.

Иш-чарада академик А.Акматалиевдин өзүнүн илимий, адабий эмгектеринин жана анын жетекчилиги менен жарык көргөн китептеринин көргөзмөсү уюштурулат.

Кече Улуттук илимдер академиясы, Коомдук Айтматов академиясы жана Эл аралык Айтматов клубу тарабынан уюштурулууда.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up