Бишкектеги европалык мектепте дотацияны жоюу керек, - БШКнын депутаты

Бишкектеги европалык мектепте дотацияны жоюу керек, - БШКнын депутаты

Билим АКИpress - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмазбек Уланов 14-январда жеке-мамлекеттик деп эсептелген Хаим Хохштейн атындагы «При Эц Хаим» европалык мектебине тиешелүү маселе боюнча пикирин билдирди.

«Биринчиден, мектептин формасы — жеке менчик, бирок ал коммуналдык кызмат акысын төлөө боюнча дотацияга ээ. Экинчиден, бул мектеп түзүлгөндөн баштап имараттын ижара акысын төлөөдөн 100% бошотулган. Тактап айтканда, толугу менен бошотулган. Бир канча жыл аралыгында ижара акысын такыр төлөгөн эмес. Үчүнчүдөн, аталган мектеп мурунку муниципалдык бала бакчанын имаратын ээлеп турат. Дотацияны жоюу керек», - деди БШКнын депутаты.

Алмазбек Улановдун сөзүнө караганда, бүгүн, 14-январда Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча туруктуу комитетинин жыйынында депутаттар менен комиссия мүчөлөрү тарабынан административдик райондордун башчыларына мурунку муниципалдык бала бакча имараттарын Бишкек шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берүүгө даярдык көрүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, БШКнын депутаттары 2019-жылы муниципалдык бала бакча имараттарын шаарга кайтаруу иштерине басым жасоону пландашууда.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up