Кара-Көлдө 68 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жатышат

Кара-Көлдө 68 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жатышат

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарында 68 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жатышат. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Маалым болгондой, окуучуларды кышкы эс алуу убактысын туура пайдалануу максатында шаардык билим берүү бөлүмү Бишкектеги «Нова» окуу борбору менен келишим түзүп, аталган борбордон 2 мугалим келип, окуучуларды окутуп кетишти. Бүтүрүүчү класстын окуучулары билим деңгээлин өркүндөтүшүп, сертификаттарга да ээ болушту.

Борбордон келген мугалимдер балдарга математика, логика, кыргыз тили жана адабияты, аналогия предметтеринен сабак өтүштү. Жалпы 68 окуучу акы төлөө жолу менен билим алышты. Аталган борбордун мыкты мугалимдери сабак беришип, алардын сабагына окуучулар гана эмес, мугалимдер да катышып, тажырыйба алмашты.

Алымкан Бопоновнанын айтуусунда, аталган окуу борборунан окуп келген балдар жалпы республикалык тестирлөөдө жакшы жыйынтыктарга жетишет. «Алгач ал мугалимдер окуучулардын билим деңгээлин аныктап алуу максатында тест алышты. Анан алар окуучуларды А, Б, В, Г деген деңгээлдерде карап, 4 топко бөлүп алып окутушту. Окуучулардын билим деңгээлине жараша жогорку жана орто окугандарына татаал жана жөнөкөй мисалдар, эсептер берилип, жалпы республикалык тестирлөөгө талап кылынган окуу программалары өтүлдү. Мындан ары да келишимдин негизинде 21-марттан 31-мартка чейин, андан ары 1-майдан 10-майга чейин дагы 2 ирет мугалимдерди окутууга чакыралы деп жатабыз. Анткени май айында жалпы республикалык тестирлөө өтөт эмеспи.Ошол тестирлөөдөн биздин окуучулар билим сапаты бийик болуп, «алтын» сертификат, «Алтын тамгага» ээ болушуп, бюджеттик орундарга жетишсин деген максатта ушул окуу борбору менен келишим түзүп, билим сапатты жогорулатуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Бул окуу борбордун өздөрүнүн окуу китептери бар. Мисалы, математика, геометрия, логика, болуп өзүнчө үч бөлүктөн турат. Кыргыз тили аналогия, грамматика, адабият болуп, 3 бөлүктөн турат, орус тили да аналогия, грамматика жана орус адабиятынан турат. Биздин мугалимдер да ал борбордун мугалимдеринин сабак өтүү деңгээли мыкты экенин айтышууда. Чындыгында, алыскы райондорго барып, сабак өтүү кыйынга турарын баарыбыз билебиз. Ошого карабай, биз алар менен келишим түзүп сүйлөшүп, шарттарын карап жатып чакырган элек. 10 күндүк окуу даярдыктан 68 окуучу өтүп, аталган окутуу борборунун сертификатына ээ болушту», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up