Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылындагы мектепке жаңы директор келди

Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылындагы мектепке жаңы директор келди

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылындагы «Ой-Терскен» орто мектебинин директорлук кызматына Руслан Абдылдаев дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 69-55-беренелеринин 2-бөлүгүнө ылайык, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткуловдун 2018-жылдын 24-декабрындагы №55/1 буйругу менен Абдылдаев Руслан Токтокадырович «Ой-Терскен» орто мектебинин директору болуп дайындалды.

Руслан Абдылдаев 1975-жылы 29-декабрда Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин география жана экология факультетин бүткөн. 1999-2007-жылдар аралыгында Ат-Башы районунун К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинде география мугалими, тарбиялык иштер боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы, 2007-2011-жылдары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында адис, башкы адис кызматтарында эмгектенген. 2011-2018-жылдары К.Мамбеталиев атындагы орто мектепте мугалим, уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары кызматында иштеп келген.

Ат-Башы райондук, Нарын облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Мугалим үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up