Ат-Башыда америкалык ыктыярчылар окуучуларга англис тилинде лагерь уюштурушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын «Ой-Терскен» орто мектебинде окуучулар үчүн кышкы лагерь уюшулду. Бул тууралуу аталган мектептин чет тил усулдук бирикмесинен билдиришти.

Маалым болгондой, 10-13-январь күндөрү «Ой-Терскен» орто мектебинде окуучуларга англис тилин үйрөтүү максатында Нарын облусундагы мектептерде иштеп жаткан америкалык ыктыярчылар жана мектептин англис тил мугалимдери менен бирдикте кышкы лагерь уюштурулду. Окутуу Ой-Терскен жана башка мектептердин окуучулары үчүн кызыктуу өттү. Аталган мектептин мугалимдери Америкадан келген Кэлли, Риза, Мэган, Маркус, Трэвис, Кристин, Аврора, Зак аттуу ыктыярчыларга чоң ыраазычылыктарын билдиришти.

Лагерге жалпысынан 100дөй окуучу катышты жана 3 күн бою мектептин ашканасынан ысык тамак берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up