Мугалимдер.kg: 17 жашынан балдарга билим берип жаткан А.Молдокулова партанын тешигинен сөөмөйү чыкпай калган окуучусун унутпайт

Мугалимдер.kg: 17 жашынан балдарга билим берип жаткан А.Молдокулова партанын тешигинен сөөмөйү чыкпай калган окуучусун унутпайт

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз – Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу 1-Май айылынын тургуну Азимкан Молдокулова. Ал 23 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ардактуу мугалим бул кесипти 17 жашынан тарта аркалап, 18 жашында директордун орун басарлыгы болууга жетишкен.

Азимкан Молдокулова 1976-жылы 2-сентябрда Москва районундагы Садовое айылында төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Эмгек жолумду 17 жашыман баштадым. Садовое айылынын Мирошниченко орто мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан мугалим болгом. 1993-жылы 11-классты бүткөндөн кийин жакшы окуган кыздарды 3 айлык курстарга жиберишкен. Алардын арасында мен да бар болчумун. Ошентип, кыргыз тилчи мугалим болуп, башталгыч класстарга сабак өтүп калгам.

Ошол жылы жаӊы сабак берип баштаганымда бир окуя эсимде калыптыр. Негизи тажрыйбасыз, жаӊы эле келген жаш мугалимди башталгыч класстын окуучулары да билип алышат экен. Алар дагы өз курактарына жараша психолог болушат. Кайсы мугалимден коркуш керек, кайсыл мугалимди тоотпош керек, баарын билип алышат. Бир жолу 3-класстын окуучусу жыгач партанын кичинекей тешигине чыпалагын салып ойноп жатыптыр. Мен ошол кезде жаӊы теманы өтүп жаткам. «Ай, түз отур, сабакка көӊүл бур» деп бир айттым. Анан ал тешикке аты жогун салганда дагы эскертүү бердим. Ал деги эле мени угуп койчудай эмес. Бир маалда сөөмөйүн ошол тешикке салып жиберип, чыгара албай калса болобу. Бир маалда эле тызылдап ыйлап жиберди. Заматта бозоруп кетти. Мен чуркап барып эле, кошо тартышып чыгарайын десем, чын эле аябай тереӊ киргизип алган экен, чыкпай койду. Чынын айтсам, мен да коркуп кеттим. Мындай карасам, мен да жаӊы эле мектепти бүткөн жаш кызмын да. Анан шилекей менен суулап, сөөмөйүн акырын ары-бери бурагылап, баланын ыйлаганына карабай чыгарып алгам. Ушул окуя эмнегедир эсиме түшө берет», - деп айтып берди ал.

Мугалим учурда «Сырдуу балалык» бала бакчасынын директору болуп үзүрлүү эмгектенип жаткан учуру. «Ошентип 18 жашымда, тактап айтканда, 1994-жылы 1-Май орто мектебинде директордун уюштуруу боюнча орун басары болуп ишке орноштум. Ал ортодо 3 жылдай айылда китепканачы да болуп эмгектенип калдым. 2011-жылы 25-августа ушул эле 1-Май айылына жаӊы «Сырдуу балалык» аталышында бала бакча ачылып, ага мен директор болуп бекитилдим. Бала бакчада 12 кызматкер эмгектенсе, 74 бала таалим-тарбия алышат. Өзүм 1998-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап алдым» - дейт ал.

Ардактуу мугалим үй-бүлөлүү, 4 баланын кадырлуу апасы. «Адылбеков Рахимдин сүйүктүү жубайымын. Эӊ уулу кызыбыз Камилия 23 жашта. Турмуш жолун куруп, өз бактысын таап кеткен, кесиби бухгалтер, эки дипломдун ээси. Экинчи кызыбыз Эмилия
21 жашта, ал КМС аялдар арасындагы эркин күрөш жана дзюдо боюнча спортчу, КГЮАнын үчүнчү курсунда студент. Үчүнчү улуубуз Улукбек 19 жашта, ал учурда Коргоо министрлигинде аскер кызматын өтөп жатат. Эң кенжебиз Бегимай 6-класстын окуучусу», - дейт ал үй-бүлөсү жөнүндө.

«Ушул кесибимен баар таап, балдардын туура жана жакшы тарбия алышына салымымды кошуп, алардын арасынан Кыргызстанымды өнүктүргөн, аны көздүн карегиндей сактаган патриот, акылдуу, билимдүү балдарды тарбиялап чыгара бермекчимин», - деп сөзүн жыйынтыктады Азимкан Молдокулова.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up