Жалал-Абаддын студенттерине жаңы мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүштү

Жалал-Абаддын студенттерине жаңы мыйзамдар жөнүндө түшүндүрүштү

Билим АКИpress - Бүгүн, 16-январь күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Рыспай Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында атайын демилгечи топ өздөрүнүн жаңы мыйзамдар боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүп, өкмөттүн иш-чараларын ишке ашырууга көмөктөшүү ниети менен ЖАМУнун студенттери менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргыз Эл акыны, маданият кызматкери Рахматулла Козукеев билдирди.

«Биз жаңы мыйзамдар жөнүндө жер-жерлерде жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Чындыгында, бул мыйзамдарды ар ким ар кандай түшүнүк менен кабыл алышты. Адегенде талкууга түшпөй туруп, айып пулдардын чыгып кеткендигине эл ызаланды. Бирок мунун бардыгы турмуштун зарылчылыгынан келип чыккан иш деп ойлойм, себеи адеп-ахлак, таалим-тарбия жаштык кезден башталат», - дейт Р.Козукеев.

Жогорку окуу жайлардан, аксакалдар төрагасынан, дин аалымдарынан, маданият кызматкерлеринен, ак халатчан өмүр сакчыларынан, жаштардан биригип, демилгечи топ түзүлгөн. «Өзгөчө, жаштарга түшүндүрүү иретинде окуу жайларды кыдырып, жаңы мыйзамдар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мен бир мисалга токтоло кетейин, Дубай өлкөсүндө тамак-ашты калтырып жегенге айып пул төлөнөт экен. Бул деген ысырапкерчиликке жол бербөө болуп эсептелет. Коомубуздагы кооз жерлерибизди сактап калуу үчүн жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деп кошумчалады Р.Козукеев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up