Ата-энесине айтпай окуусун алмаштырган Нурзат Түркияда акысыз билим алып жатат (сүрөт)

Ата-энесине айтпай окуусун алмаштырган Нурзат Түркияда акысыз билим алып жатат (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз —токтогулдук Нурзат Казыбекова. Ал ата-энесине айтпастан окуусун алмаштырып, бирок активист студенттердин катарын толуктаган. Учурда ал Түркиянын Конья шаарындагы Сельчук университетинде акысыз билим алып жаткан кези.

«Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 1996-жылы 1-ноябрда туулгам. Ж.Чаргынов атындагы №35 орто мектепти 2015-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырып калуума бир тууган эжем себепкер болгон. Сынактан жетиштүү упай топтой алгам. Бирок «Манаста» 5 бөлүмдү бир тандайт эмеспи, ошондо башына «Түркология» бөлүмүнө жазылып коюп, ошол жакка өтүп калгам. «Бул бөлүмдө окубайм» деп 1 жума ыйлагам. 1 жылдык даярдоо курсунан кийин, бөлүм алмаштырса болорун билип, документтеримди тапшырып келгем.

1 жылдан кийин кайрадан сынакка кирип, «Журналистика» бөлүмүнө өтүп кеттим. Ал бөлүмгө өткөнүмдү атама 3 күндөн кийин гана айттым. Анткени атам менин финансы жагында окушумду каалаган эле, бирок менин эч эле кызыгуум болбоду. Ким болбосун, жан дүйнөсүнө жакын, келечекте ошол жумушунан ырахат алып, нан таап жей ала турган болушу керек. Менин тандоомдун себеби, журналистика — коомдо дайыма талап кылынган, кызыктуу жана өзүнө чоң жоопкерчиликти алган кесип. Дайыма изденүү, өзүңдү өнүктүрүү менен жүрөсүң. Мени журналистика ушунусу менен кызыктырат жана кичинемден бери ичимде катылган тилегим болчу. Каалоо болсо, бардык нерсеге жетүүгө мүмкүн экенине ишендим.

Даярдоо курсунда окуп жүргөнүмдө университеттен «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фондунун активдүү, жакшы окуган студенттерге стипендия берүү тууралуу жарыясын окуп калып, өзүмдү сынап корүү максатында документтеримди тапшырдым. 2 этаптан турган тандоодон өтүп, 1 жылдык стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгом. Бул мага окшоп шаарга жаңы келген студенттер үчүн жардам, стимул болот экен. Мындан сырткары, жума сайын мастер-класс, тренингдер өткөрүлүп турчу.

Негизи, мектепте окуп жүргөн кезимден бери эле активдүү жашоону жактырам. Бош жүрбөй, изденүү үстүндө Нурзат Токтосунованын «Нур» академиясында 3 ай алып баруучулук жаатында билим алдым. Бул жерден өзүмө болгон ишеничти, тартынбай өз оюмду билдирүүнү үйрөнө алдым. Азыркыга чейин жакшы мамиледе болгон досторду таба алдым. Буга окшогон окутуу борборлордун пайдасы көп деп эсептейм.

Кыргыз Республикасынын Президенттине караштуу «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунда дагы 2 жылга жакын ыктыярчы болуп иштедим. Канчалык көп жерге барсаң, ошончолук ой жүгүртүүң, дүйнө таанымың, чөйрөң алмашат экен. Азыр жасап жаткан аракетибиз, тажрыйбабыз келечектин пайдубалын түптөөгө жардам берет деп ойлойм.

Мындан сырткары, «Санат» телеканалында Айнаш Аширова менен жаш балдар үчүн мультфильдерди которуп, кыска убакыт болсо да иштешип калдым. Ошондой эле окуу жайыбыздагы студенттик сайтта кабар жазып дагы бир жылга жакын иштедим. Бул теория менен практиканы биргеликте алып кетүүгө түзүлгөн биз үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Менин ар бир баскан кадамым мен үчүн чоң тажрыйба. Аракет кыла берсек, бир күнү сөзсүз өз жемишин берерине ишенем», - деп айтып берди студент өзүнүн иштери тууралуу.

Учурда Нурзат Түркиянын Конья шаарындагы Сельчук университетинде билим алып жатат. «Бул жакка «Мевлана» алмашуу программасы аркылуу тапшырып калдым. Алгач тапшырып жатканда ата-энеме айткан жокмун. Качан гана жыйынтыгы чыгып, өткөнүмдө сүйүнчүлөдүм. Жыл сайын берилүүчү стипендия быйыл алынып салынган экен. Ага карабай үйдөн ата-энемден акча албай, жайында иштеп, өзүм окуп келем деп максат койдум. Анткени чет өлкөдө окуу бир кездеги кичинекей кара кыздын кыялы эле. Ата-энебиз баары бир кооптонуп, баласын жанынан алыс чыгаргысы келбейт эмеспи, анын үстүнө кыз бала болсом. Бирок колдоо көрсөтүп, Түркияга баруума макул болушту. Атам мени, өзгөчө, «кара кызым» деп жакшы көрөт. Кандай чечим кабыл албайын, дайыма колдоп турат.

Үй-бүлөдө тогуз бир туугандын бешинчисимин: 4 уул, 5 кыз. Менден уулу ага-эжелерим турмуш куруп, балалуу болуп калышкан. Көп бир тууган болгондо бири-бирибизге күйүмдүү, кайрымдуу болуп чоңоёт экенбиз. Жайкысын жайлоого чыгып, уй саап, тезек жасап, отун терип чоңойгон кызмын. Ата-энем жөнөкөй инсандар, бизге берген тарбиясына ыраазымын», - дейт студент.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 3-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up