Ат-башылык мугалим президент С.Жээнбековдун колунан сыйлык алды

Ат-башылык мугалим президент С.Жээнбековдун колунан сыйлык алды

Билим АКИpress - Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштар менен тыгыз байланышта, ошондуктан жаш муунду тарбиялоодо мугалимдердин эмгеги өзгөчө сый-урматка татыктуу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 17-январда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айтты.

Салтанаттуу иш-чарада 10дон ашуун мектеп мугалимдери мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту.

Өз сөзүндө президент жакшы билим сөзсүз эле шаардагы мектептерде гана берилбестигин белгиледи. Анын айтымында, күчтүү мугалимдери бар мектеп сапаттуу билим берүү борборуна айланат.

Өлкө башчы Ат-Башыдагы мугалим Гүлүмкан Турганбаеваны мисал келтирди. «Анын окуучулары жакшы билим алышат жана олимпиадалардын, сынактардын жеңүүчүлөрү болуп эсептелет. Г.Турганбаеванын окуучуларынын 80%ы ЖОЖдордо окуган. Бул жакшы жетишкендик. Тоолуу, климаты катаал райондо жайгашкан мектептин мугалими жогорку жетишкендиктерге жетүүдө. Мындай адамдарга катаал шарттар да, ызгаардуу кыш да тоскоол боло албайт. Бизге ушундай мугалимдер керек», - деди мамлекет башчы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up