Тарых илимдеринин кандидаты мыкты илимий иши үчүн 100 миң сом сыйлык алды

Тарых илимдеринин кандидаты мыкты илимий иши үчүн 100 миң сом сыйлык алды

Билим АКИpress - 17-январда УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, этнография жана археология институтунун Кыргызстандын байыркы мезгилден XIX кылымдын соңуна чейинки тарыхы бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошев Бишкек баатырдын тарыхын изилдөө боюнча мыкты илимий иши үчүн коомдук ишмер Темир Сариевдин өздүк каражатынан 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды.

Бул сунуш коомдук ишмер Темир Сариевдин демилгеси менен, анын өздүк каражатынан Кыргызстандагы тарых илиминин өнүгүүсүнө салым кошуу максатында УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, этнография жана археология институтунун кызматкерлери тарабынан аткарылган ийгиликтүү илимий иштерге, жарык көргөн илимий эмгектерге, кол жазмаларга, тарыхый, археологиялык жана этнологиялык экспедицияларга 2018-жылдан баштап 2022-жылга чейин (5 жыл) жылына бир жолу 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берүү сунушталган.

«Кыргызда жакшы сөз бар, «кечээгинин тарыхын билбеген, эртеңкинин багытын билбейт». Ошон үчүн биз өз тарыхыбызга өзгөчө басым жасашыбыз керек. Улуу кыргыз элинин тарыхын, мурасын изилдеп чыгуу — бүгүнкү күндүн талабы. Тарыхый тактык — бул баарыбыз үчүн маанилүү», - деди Т.Сариев

Сыйлык институттун кызматкерлери тарабынан бир жылдын ичинде аткарылган мыкты илимий иштерге жылына бир жолу ыйгарылып турат. Ошондой эле сыйлык жарык көргөн илимий китепке (гонорар), мыкты кол жазмага (басма каражаты), маанилүү илимий экспедицияга жана илимий конференцияны уюштурууга берилет. Сыйлыкка талапкер болууга институттун ар бир илимий кызматкери катышууга укуктуу.

IMG_6427

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up