Мугалимдер.kg: Бутту «шым» деп, тонду «чапан» деген окуучулар. Таластык Н.Жыртакбаеванын кызыктары

Мугалимдер.kg: Бутту «шым» деп, тонду «чапан» деген окуучулар. Таластык Н.Жыртакбаеванын кызыктары

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз –Таластын 54 жаштагы тургуну Нургүл Жыртакбаева. Ал 30 жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип, балдардын кызыктуу окуяларына көп жолу кабылган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесибине бала кезинен сүйүүсү күч болгон. Мугалим Талас районуна караштуу Кеңеш айылында 1965-жылы 4-ноябрда төрөлгөн. 1989-жылы турмушка чыгып, Манас айылында жашап калган.

«1986- жылы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтуна тапшырып, 1990-жылы башталгыч класстарга билим берүү адистигине ээ болгом. Ал институтта жалаң кыздар окучу.
Бала кезден эле мугалимдик кесипке шык-жөндөмүм бар болчу. Өзүмдөн кичүү балдар-кыздарды чогултуп алып, жаздырып-окутуп, окуй албаганын ырдатып-бийлете берчүмүн. Кийин окууга тапшырарда ата-энем дагы ушул кесипти тандаганымды туура деп кабыл алышты, анткени алар дагы менин кичинемде окутуучу болуп жүргөнүмдү көп байкашчу экен. Ал убакта окууга тапшыруу кыйын болчу. Убагында окууга ийгиликтүү өтүп, стипендия да алчумун.

Алгачкы эмгек жолум Чат-Базар айылындагы А.Оторбаев орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуу менен башталган. Ал жакка пионер отрядынын жетекчиси болуп баргам. 1993-жылы Ак-Сай орто мектебинде иштеп, 1995-жылдан ушул күнгө чейин Ш.Жумагулов атындагы Манас лицей-интернатында эмгетенип келе жатам», - дейт ардактуу кесиптин ээси.

Нургүл Жыртакбаева райондун, областтын, Билим берүү министрлигинин, профсою уюмунун грамоталары менен сыйланып, 2007-жылы «Эл агартуунун отличниги» деген наамга татыган.

«Кудайга шүгүр, 5 класс бүтүрдүм. Алды окуу жайларын бүтүп, кызматтарда иштеп жүрүшөт. Ал окуучуларым менен сыймыктанып калам. Классым менен бирге сынактарга, жамаат менен чогуу ар кандай иш-чараларга такай катышып, сыйлыктарга ээ болуп турабыз.

Жан дүйнөсү таза балдар менен иш алып барып жүрүп, убакыттын өткөнүн байкабай калам жана ар бир күнүмдү балдар менен өткөрүүдө кубанам. Балдарды эч урушпайм. Эсимде калган жакшы учурлар көп болот. Көбүнчөсү 1-класска жаңы келгенде болот.

Бир күнү 1-класска жаңы келген 1 окуучуга чоң борду берип, «эшикке алып барып, экиге бөлүп келчи» деп жибергем. Кеткен окуучум келген жок. Артынан башка окуучуну жиберсем, «чакырсам келбей, ыйлап жатат» деп кайра келди. Чыксам, «эже сиз борду экиге бөл дедиңиз эле, үч-төрткө бөлүнүп кетти», - деп шолоктоп ыйлап алыптыр (күлүп).

Алгачкы бүтүргөн классымды 5-класска бөлүп жатканда алардын ата-энелери да келип, мага ыраазы болуп, «балдар сизге көнүп калышты эле» деп жатса, бир маалда бир окуучу балам «эже менде бир суроо бар» деди. «Кана, айта койчу» десем, «эми биз бөлүнүп жатабыз, а 10 жылдык менен 20 жылдык эмне болот?» деп жатпайбы. Ата-энелердин боору катып күлүшкөн. Көрсө, «келесизби, көрүшөбүзбү?» деген мааниде айткан экен да.

Жаңы класс алганда бир бал «бут» деген сөздү тамгалап окуп жаткан. Кошуп айта албай жатканынан жакындатып, акырын бир бутуна чаап койсом «шым» деди. Экинчи бутуна чапсам «жинсы шым» деди. Асан десем эле таптым деп ойлоду окшойт, тура калып «эки буту бар шым» деп кудуңдап сүйүнүп айтканы эсимден кетпейт. Кийин үйрөтүп-окутуу менен ал бала мектептин мыкты окуучусу болуп бүттү. Дагы бир классымда бир окуучу «тон» деген сөздү тамгалап окуп, «чапан» деп айтып, баарыбызды күлдүргөн .

1-класска жаңы келип баштаганда бир балам күнүгө ызы-чуу салып келчү. Аны көбүнчө апасы алып келет эле. Бир күнү ал бала чатак салып жатса да, апасы көтөрүп келип партанын үстүнө узунунан жаткызып, кетип калды. Ыйлап жатты, басылчудай эмес, мен доскага жазып, сабагымды өтө бердим. Ошондо бир мугалим кирип калып «баягы бала дагы деле басыла элекпи?» десе, ал тура калып жашын аарчып, «эже, апам менен мобул аял (мени көрсөтүп) мени укпай жатышпайбы» десе, экөөбүз аябай күлгөнбүз. Педагогикалык жолго салып тарбиялап отуруп, ал бала жөнгө келди, кийин жакшы окуп бүттү. Ал бала жолугуп калганда «эже, ошону эстетпеңизчи» деп уялып калат», - деп айтып берди ал кызыктуу окуялары жөнүндө.

Мугалим ырдаганды жакшы көрөт. «Угуу жөндөмүм күчтүү болгондуктан, ырларды угуп эле жаттап коём. Убагында дыйкан чарбачылык менен көп алектендим», - деди ал.

Нургүл Жыртакбаева 4 уул жана 1 кыздын апасы.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up