Нарындагы А.Садыков мектебине Алмазбек Осмокеев директор болуп дыйындалды

Нарындагы А.Садыков мектебине Алмазбек Осмокеев директор болуп дыйындалды

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы Абдыкадыр Садыков атындагы орто мектебинин директору болуп Осмокеев Алмазбек Алымкулович дайындалды. Бул туралуу аймактык кабарчы билдирди.

А.Осмокеев 1977-жылы Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында төрөлгөн. 1994-жылы А.Табалдиев атындагы орто мектебин аяктап, 2001-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика жана электроника факультетин бүтүргөн.

2002-жылы Нарын мамлекеттик университетинин электроника кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. 2003-2011-жылдары НМУнун агрардык-техникалык факультетинин деканынын орун басары, 2005-жылы Э.Ибраев атындагы орто мектебинин физика сабагынын мугалими, 2012-2015-жылдары мектеп директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары, 2015-жылдан баштап директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген.

2018-жылдан баштап Э.Ибраев атындагы орто мектебинин директору болуп иштеп келген. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап А.Садыков атындагы орто мектебин жетектеп баштады.

А.Осмокеев 1 уул, 2 кыздын атасы. Жубайы Саякбек кызы Перизат — англис тили мугалими.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up