5-класстагы Сезимбек ырчылардын концерттерине калтырбай барып, тойлордо ырдайт (сүрөт)

5-класстагы Сезимбек ырчылардын концерттерине калтырбай барып, тойлордо ырдайт (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Ош шаарындагы №14 Каныбек Алтыбаев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу Сезимбек Жороев. Ал кичинесинен ырчылыкка кызыгып, белгилүү сахна адамдарын туурап, кийин алардын концертине барып жүрүп тийгиликке жетишти.

Сезимбек 2007-жылы. 11-сентябрда жарык дүйнөгө келген.

«Эмнеси экенин билбейм, кичинекей кезимде эле үйдөн сыналгыдан ырчы байке-эжелерди көрүп, туурап, алардай болуп кийинип, алардай болуп сахнага чыгып ырдагым келчү. Алардын баскан ар бир кадамынын кыймыл-аракеттерин туурап, алардын музыканын коштоосунда бурулуштарды жасап, кандай темптерге өтүп жатканын байкап турчумун. 3-4 жашымда апама кийимдерди алдыртып, Нурлан Насип, Гүлжигит Сатыбеков, Бек Борбиев байкелерибиздин кыймыл-аракеттерин окшоштуруп ырдачумун. Кийинчерек, 5-6 жашымдан туугандарымдын тойлорунда ырдай баштадым. Бара, бара сахналарга, башка адамдардын тойлорунда ырдап чыга баштадым», - дейт ал алгачкы кадамдары тууралуу.

Сезимбек Ошко келген белгилүү ырчылардын концерттерине калбай барып, өзүнүн костьюмдарын да салып алчу. «Кудайым жаштын тилегин берет экен. Кудайымдын буйругу менен чыгармачылыкка аралашып калдым. Ош шаарыбызга белгилүү ырчылар келип концерт коет экен десе, элден мурун барчумун. Мындай чоӊ концерттерди эч калтырчу эмесмин. Анан да костьюмдарымды салып алып барат элем. Алар алмаштырып кийинип чыкса, мен да алмаштырып кийип, сахнага чейин чыгып барып кошо бийлеп жибеген учурларым болгон. Алар ал кезде мага көп деле маани беришчү эмес. Кийин, жакшы көргөн белгилүү ырчыларды жанынан көрүп, учурашканымда сүйүнүп, аябай толкундангам. Башкача сезимдер болгон. Анан да элдин алдында сахнага чыгуу дагы оӊой иш эмес экен. Аны мен эӊ алгачкы чыкканымда билдим. Толкунданып, сүрдөгөм. Бирок, элдин баары мени көрүп, кол чаап, аябай жакшы тосуп алышкан. Бул мага кадимкидей дем берген. Өзүмдү бактылуу сезгем. Анткени чон сахнага чыгуу — менин кыялдарымдын эӊ чоӊу эле. Кудайга шүгүр «ЭлТР» тедеканалындагы «Бөбөк кечи» программасында 1 жыл алып баруучу болдум. Бул дагы менин кыялдарымдын бири болчу» - деп айтып берди окуучу ийгилиги жөнүндө.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up